# 6-берене

- Документ: [Электрондук акчаны мурастоо маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/230050048)
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2026-жылдын 8-июлундагы № 105 "Электрондук акчаны мурастоо маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 105
- Кабыл алынган күнү: 08.07.2026
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 08.07.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230050048/st-6>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-5821/edition/57491/ru>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 08.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Электрондук акчаны мурастоо маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө, 6-берене (08.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230050048/st-6

---

төмөнкүдөй мазмундагы 12 жана 13-бөлүктөр менен толукталсын: "12. Электрондук акчаны кармоочу каза болгон учурда электрондук акчаны кайтарып берүү боюнча талап кылуу укугу Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарына ылайык мурастын курамына киргизилет.

13. Электрондук акчанын эмитенти электрондук акчаны кармоочу өлгөндүгүнө байланыштуу нотариустун суроо-талабын, тийиштүү мамлекеттик органдын катын же мураскорлордун (укук улантуучулардын) же алардын мыйзамдуу өкүлдөрүнүн талабын алганда төмөнкүлөргө милдеттүү:

1) каза болгон адамдын электрондук акчасы менен чыгаша операцияларын токтотууга;

2) мураскорлорго (укук улантуучуларга) же алардын мыйзамдуу өкүлдөрүнө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган мурастоо (укук улантуу) укугун тастыктоочу документтерди берүүдө, ошондой эле алардын өндүрүшүндө мурастоо иштери бар болгон нотариустарга, Кыргыз Республикасынын чет өлкөлөрдөгү мекемелеринин ыйгарым укуктуу кызмат адамдарына электрондук акчанын бар экендиги, анын өлчөмү жана электрондук акчанын инструментинин (алып жүрүүчүсүнүн) реквизиттери жөнүндө маалыматты берүүгө;

3) каза болгон адамдын электрондук акчасын тындырууну же аларды мураскорлорго (укук улантуучуларга) же алардын мыйзамдуу өкүлдөрүнө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган мурастоо (укук улантуу) укугун ырастоочу документтердин негизинде которууну камсыз кылууга.".

---

Мурунку берене: [2-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230050048/st-2)  
Кийинки берене: [3-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230050048/st-3)
