# 3-берене

- Документ: [Электрондук акчаны мурастоо маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/230050048)
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2026-жылдын 8-июлундагы № 105 "Электрондук акчаны мурастоо маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 105
- Кабыл алынган күнү: 08.07.2026
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 08.07.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230050048/st-3>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-5821/edition/57491/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230050048/st-3.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 08.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Электрондук акчаны мурастоо маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө, 3-берене (08.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230050048/st-3

---

"Банктар жана банк иштери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ("Эркин-Тоо" гезити, 2022-жылдын 17-августу, № 72-74) төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин: 67-берененин 3-бөлүгүнүн 5-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "5) кардардын мураскерлерине (укук улантуучуларына) же алардын мыйзамдуу өкүлдөрүнө - алар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган мурастоо (укук улантуу) укугун ырастоочу документтерди бергенде, ошондой эле алардын өндүрүшүндө каза болгон адамдардын аманаттары, электрондук акчалары, сейф уячалары, металл эсептери жана жарандык укуктарынын башка объекттери жөнүндө мураскерлик иштери бар болгон нотариустарга, Кыргыз Республикасынын чет өлкөлөрдөгү мекемелеринин ыйгарым укуктуу кызмат адамдарына - нотариустун же Кыргыз Республикасынын чет өлкөлөрдөгү мекемелеринин ыйгарым укуктуу кызмат адамдарынын расмий суроо-талабынын негизинде.".

---

Мурунку берене: [6-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230050048/st-6)  
Кийинки берене: [4-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230050048/st-4)
