# 738-61-статья. Конвертациялануучу заем келишими

- Документ: [Венчурдук каржылоо маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/230050033)
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2026-жылдын 28-июлундагы № 127 "Венчурдук каржылоо маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 127
- Кабыл алынган күнү: 28.07.2026
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 28.07.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230050033/st-738-61>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-5820/edition/57476/ru>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Венчурдук каржылоо маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө, 738-61-статья (28.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230050033/st-738-61

---

1. Стартаптардын, инновациялык компаниялардын жана венчурдук инвесторлордун ортосунда түзүлгөн, келечекте белгиленген мөөнөттө жана (же) тараптар макулдашкан шарттар жана башка жагдайлар келип чыкканда заемду компаниянын акцияларына же компаниянын уставдык капиталындагы үлүшүнө конвертациялоонун шарттарын белгилөөчү келишим конвертациялануучу заем келишими деп таанылат.

2. Конвертациялануучу заем келишиминин олуттуу шарттары болуп төмөнкүлөр саналат:

- заем берүүчү заемду конвертациялоону талап кылуу, ал эми заем алуучу заемду конвертациялоону камсыз кылуу укугу келип чыккан мөөнөт же шарттар;

- пайыздык ставка;

- стартапты баалоо (максималдуу);

- инвесторго берилүүчү дисконт же арзандатуу, ошондой эле коомдун уставдык капиталын көбөйтүү суммасы же аларды аныктоо тартиби.

3. Конвертациялануучу заем келишимин, мурда түзүлгөн келишимдин шарттарын өзгөртүү жөнүндө макулдашууну, ошондой эле башка жакка конвертациялануучу заем келишимин аткаруу үчүн заем алуучудан бул жактын пайдасына кошумча акцияларды жайгаштырууну талап кылуу укугун өткөрүп берүү жөнүндө макулдашууну түзүү эгерде аталган келишимде мындай өткөрүп берүүгө жол берилсе, заем алуучунун акционерлеринин же коомдун катышуучуларынын жалпы чогулушунун алдын ала макулдугун талап кылат.

4. Заемду конвертациялоонун шарттары жана тартиби, анын ичинде конвертациялоо коэффициенти жана конвертациялоо келип чыккан шарттар тараптар тарабынан макулдашылышы жана жазуу жүзүндө жазылышы керек.

5. Конвертациялануучу заем келишимин түзүү үчүн милдеттүү шарт болуп коомдун катышуучуларынын (акционерлеринин) добуштарынын көпчүлүгү менен кабыл алынган заем алуучунун катышуучуларынын (акционерлеринин) жалпы чогулушунун чечиминин болушу эсептелет.".

---

Мурунку берене: [738-60-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/230050033/st-738-60)  
Кийинки берене: [3-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230050033/st-3)
