# 738-60-статья. Опциондук келишим

- Документ: [Венчурдук каржылоо маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/230050033)
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2026-жылдын 28-июлундагы № 127 "Венчурдук каржылоо маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 127
- Кабыл алынган күнү: 28.07.2026
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 28.07.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230050033/st-738-60>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-5820/edition/57476/ru>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Венчурдук каржылоо маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө, 738-60-статья (28.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230050033/st-738-60

---

1. Опциондук келишим боюнча бир тарап (опциондун ээси) мындай келишимде каралган шарттарда экинчи тараптан (опционду сатуучудан) опциондук келишимде каралган аракеттерди жасоону (анын ичинде акча каражаттарын төлөөнү, мүлктү, анын ичинде компаниянын акцияларын же компаниянын уставдык капиталындагы үлүшүн өткөрүп берүүнү же кабыл алууну) келишимде белгиленген мөөнөттө талап кылууга укуктуу жана мында, эгерде ыйгарым укуктуу тарап көрсөтүлгөн мөөнөттө талапты билдирбесе, опциондук келишим токтотулат. Опциондук келишимде опциондук келишим боюнча талап мындай келишимде аныкталган жагдайлар келип чыкканда билдирилген болуп эсептелет деп каралышы мүмкүн.

2. Эгерде опциондук келишимде, анын ичинде коммерциялык уюмдардын ортосунда түзүлгөн келишимде анын кайтарымсыздыгы каралган же болбосо мындай келишимди түзүү тараптардын мамилелеринен келип чыгуучу башка милдеттенме же мыйзам тарабынан корголуучу башка кызыкчылык менен шартталган учурларды кошпогондо, опциондук келишим боюнча талап коюу укугу үчүн тарап мындай келишимде каралган төлөмдү төлөйт.

3. Эгерде опциондук келишимде башкача каралбаса, опциондук келишим токтотулган учурда ушул статьянын 2-пунктунда каралган төлөм кайтарылууга тийиш эмес.

---

Мурунку берене: [2-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230050033/st-2)  
Кийинки берене: [738-61-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/230050033/st-738-61)
