# 3-берене

- Документ: [Венчурдук каржылоо маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/230050033)
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2026-жылдын 28-июлундагы № 127 "Венчурдук каржылоо маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 127
- Кабыл алынган күнү: 28.07.2026
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 28.07.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230050033/st-3>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-5820/edition/57476/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230050033/st-3.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Венчурдук каржылоо маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө, 3-берене (28.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230050033/st-3

---

"Чарбалык шериктиктер жана коомдор жөнүндө" Кыргыз Республикасынын 1996-жылдын 15-ноябрындагы № 60 Мыйзамына төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

1) 1-статьянын 2-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"2. Чарбалык шериктиктер жана коомдор толук шериктик, коммандиттик шериктик, венчурдук фонддордун коммандиттик шериктиги, жоопкерчилиги чектелген коом, кошумча жоопкерчилиги бар коом түрүндө түзүлүшү мүмкүн.";

2) 3-статьянын 1 жана 2-пункттары төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"1. Граждандар жана (же) юридикалык жактар толук шериктиктин катышуучулары жана коммандиттик шериктиктердеги, венчурдук фонддордун коммандиттик шериктигиндеги толук шериктер боло алышат.

2. Венчурдук фонддордун коммандиттик шериктигин кошпогондо, граждан бир гана толук шериктиктин катышуучусу же бир коммандиттик шериктиктин толук шериги боло алат.";

3) 25-статья төмөнкүдөй мазмундагы 4-пункт менен толукталсын:

"4. Венчурдук фонддордун коммандиттик шериктиктерине карата ушул Мыйзамдын толук шериктик жөнүндө ченемдери колдонулбайт. Венчурдук фонддордун коммандиттик шериктиктерине карата ушул Мыйзамдын II-1 главасына каршы келбеген бөлүгүндөгү коммандиттик шериктик жөнүндө ченемдери колдонулат.";

4) төмөнкүдөй мазмундагы II-1 глава менен толукталсын:

"II-1 глава. Венчурдук фонддордун коммандиттик шериктиги

---

Мурунку берене: [738-61-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/230050033/st-738-61)  
Кийинки берене: [35-1-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/230050033/st-35-1)
