# 2-берене

- Документ: [Венчурдук каржылоо маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/230050033)
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2026-жылдын 28-июлундагы № 127 "Венчурдук каржылоо маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 127
- Кабыл алынган күнү: 28.07.2026
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 28.07.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230050033/st-2>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-5820/edition/57476/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230050033/st-2.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Венчурдук каржылоо маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө, 2-берене (28.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230050033/st-2

---

Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинин II бөлүгүнө (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомосттору, 1998-ж., № 6, 226-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

1) 724-статьянын 4-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"4. Заемдорду берүү боюнча төмөнкүлөр кесиптик иш болуп саналбайт:

- жеке жак тарабынан жеке жакка пайызсыз заем берүү;

- иш берүүчү тарабынан кызматкерге заемдорду берүү;

- акча каражаттарын төлөмдүүлүк, мөөнөттүүлүк жана кайтарымдуулук шарттарында берүү боюнча кесиптик ишти жүзөгө ашыруучу коммерциялык уюмдун уюштуруучулары (катышуучулары) же аффилирленген жактары болуп саналган жеке адамдарга заемдорду берүү;

- баалуу кагаздардын соода-сатык бүтүмдөрүн жасоо үчүн брокер тарабынан кардарга заемдорду берүү;

- конвертациялануучу заемдорду берүү, ошондой эле Кыргыз Республикасынын венчурдук мыйзамдарынын алкагында иш жүргүзүү;

- мыйзамда каралган башка учурлар.";

2) төмөнкүдөй мазмундагы 34-2-глава менен толукталсын:

"34-2-глава. Альтернативдик келишимдик инструменттер

---

Мурунку берене: [126-5-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/230050033/st-126-5)  
Кийинки берене: [738-60-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/230050033/st-738-60)
