# 126-5-статья. Венчурдук фонддун коммандиттик шериктештигин жоюу

- Документ: [Венчурдук каржылоо маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/230050033)
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2026-жылдын 28-июлундагы № 127 "Венчурдук каржылоо маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 127
- Кабыл алынган күнү: 28.07.2026
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 28.07.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230050033/st-126-5>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-5820/edition/57476/ru>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Венчурдук каржылоо маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө, 126-5-статья (28.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230050033/st-126-5

---

Венчурдук фонддун коммандиттик шериктештиги шериктештиктин уюштуруу документтерине ылайык шериктештиктин иштөө мөөнөтү аяктаганда жоюлат. Эгерде жок дегенде бир толук шериктеш жана бир салым кошуучу калса, венчурдук фонддун коммандиттик шериктештиги сакталып калат. Венчурдук фонддун коммандиттик шериктештиги жоюлганда, анын ичинде банкрот (кудуретсиз) болгон учурда салым кошуучулар анын кредиторлорунун талаптары канааттандырылгандан кийин калган шериктештиктин мүлкүнөн салымдарды алууга толук шериктештерге караганда артыкчылыктуу укукка ээ. Шериктештиктин андан кийин калган мүлкү толук шериктештердин жана салым кошуучулардын ортосунда уюштуруу келишимине, же толук шериктештер менен салым кошуучулардын ортосунда түзүлгөн башка макулдашууга ылайык бөлүштүрүлөт.".

---

Мурунку берене: [126-4-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/230050033/st-126-4)  
Кийинки берене: [2-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230050033/st-2)
