# 126-4-статья. Венчурдук фонддун коммандиттик шериктештигинин салым кошуучусунун укуктары жана милдеттери

- Документ: [Венчурдук каржылоо маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/230050033)
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2026-жылдын 28-июлундагы № 127 "Венчурдук каржылоо маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 127
- Кабыл алынган күнү: 28.07.2026
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 28.07.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230050033/st-126-4>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-5820/edition/57476/ru>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Венчурдук каржылоо маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө, 126-4-статья (28.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230050033/st-126-4

---

1. Венчурдук фонддордун коммандиттик шериктештигинин салым кошуучусу уставдык капиталга салым кошууга, ошондой эле шериктештик менен биргеликте аныкталган мөөнөттө салым кошууга жазуу жүзүндө милдеттенме берүүгө милдеттүү. Салым кошуу венчурдук фонддун коммандиттик шериктештиги жөнүндө келишим түзүү менен коштолот.

2. Коммандиттик шериктештиктин салым кошуучусу төмөнкүлөргө укуктуу:

1) уюштуруу келишиминде каралган тартипте шериктештиктин пайдасынын бөлүгүн алууга;

2) шериктештиктин жылдык отчеттору жана баланстары менен таанышууга;

3) уюштуруу келишиминде аныкталган мөөнөт аяктагандан кийин шериктештиктен чыгууга жана уюштуруу келишиминде каралган тартипте өз салымын алууга;

4) эгерде бул уюштуруу келишиминин же башка макулдашуулардын шарттарына карама-каршы келбесе, шериктештиктеги өзүнүн үлүшүн же анын бөлүгүн башка салым кошуучуга же үчүнчү жакка өткөрүп берүүгө. Салым кошуучунун өзүнүн бардык үлүшүн башка жакка өткөрүп берүүсү анын шериктештикке катышуусун токтотот.

Венчурдук фонддордун коммандиттик шериктештигинин уюштуруу келишиминде салым кошуучунун башка укуктары да, анын ичинде шериктештиктин аныкталган чечимдерин даярдоого катышуу боюнча укуктары каралышы мүмкүн.

---

Мурунку берене: [126-3-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/230050033/st-126-3)  
Кийинки берене: [126-5-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/230050033/st-126-5)
