# 126-2-статья. Венчурдук фонддордун коммандиттик шериктештигинин уюштуруу келишими

- Документ: [Венчурдук каржылоо маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/230050033)
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2026-жылдын 28-июлундагы № 127 "Венчурдук каржылоо маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 127
- Кабыл алынган күнү: 28.07.2026
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 28.07.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230050033/st-126-2>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-5820/edition/57476/ru>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Венчурдук каржылоо маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө, 126-2-статья (28.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230050033/st-126-2

---

1. Венчурдук фонддордун коммандиттик шериктештиги уюштуруу келишиминин негизинде түзүлөт жана иштейт, ал шериктештиктин уставынын функциясын да аткарат. Уюштуруу келишимине бардык толук шериктештер кол коет.

2. Коммандиттик шериктештиктин уюштуруу келишими ушул Кодекстин 87-статьясынын 4-пунктунда көрсөтүлгөн маалыматтардан тышкары шериктештиктин уставдык капиталынын өлчөмү жана курамы жөнүндө; уставдык фонддогу толук шериктештердин ар биринин үлүшүнүн өлчөмү жана өзгөртүү тартиби жөнүндө; алардын салымынын өлчөмү, курамы жана аны кошуунун мөөнөтү жана тартиби жөнүндө, салымдарды кошуу боюнча милдеттерди бузгандыгы үчүн алардын жоопкерчилиги; коммандиттик шериктештердин салымдарынын жыйынды өлчөмү жөнүндө шарттарды камтууга тийиш.

---

Мурунку берене: [1-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230050033/st-1)  
Кийинки берене: [126-3-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/230050033/st-126-3)
