# Кыргыз Республикасынын Президентинин 2026-жылдын 12-августу № 281 "Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 8-декабрындагы № 336 "Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын ишинин айрым маселелери жөнүндө" Жарлыгына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Жарлыгы

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Президентинин 2026-жылдын 12-августу № 281 "Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 8-декабрындагы № 336 "Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын ишинин айрым маселелери жөнүндө" Жарлыгына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Жарлыгы
- Актынын түрү: Указ
- Номери: 281
- Кабыл алынган күнү: 12.08.2026
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 12.08.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230050001>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/5-11207/edition/57443/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230050001.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 12.08.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Президентинин 2026-жылдын 12-августу № 281 "Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 8-декабрындагы № 336 "Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын ишинин айрым маселелери жөнүндө" Жарлыгына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Жарлыгы (12.08.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230050001

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ЖАРЛЫГЫ

2026-жылдын 12-августу № 281 Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 8-декабрындагы № 336 "Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын ишинин айрым маселелери жөнүндө" Жарлыгына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын ишин өркүндөтүү максатында, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 70, 71-беренелерине ылайык токтом кылам:

1. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 8-декабрындагы № 336 "Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын ишинин айрым маселелери жөнүндө" Жарлыгына төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

1) жогоруда аталган Жарлык менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын түзүмү ушул Жарлыктын 1-тиркемесине ылайык редакцияда баяндалсын;

2) жогоруда аталган Жарлык менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын штаттык санына ушул Жарлыктын 2-тиркемесине ылайык өзгөртүүлөр киргизилсин.

2. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети:

1) ушул Жарлыкты ишке ашыруу үчүн зарыл болгон финансы каражаттарын издеп тапсын;

2) ушул Жарлыктан келип чыгуучу башка чараларды көрсүн.

4. Бул Жарлык расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

“Эркин-Тоо” мамлекеттик расмий гезитинин 2026-жылдын 14-августундагы № 61 (3821) саны менен жарыяланды.

| Кыргыз Республикасынын Президенти | | С.Н. Жапаров |

Begin\_nocompare | | | 1-тиркеме |

"Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын ТҮЗҮМҮ

| | | 2-тиркеме |

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 8-декабрындагы № 336 «Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын ишинин айрым маселелери жөнүндө» Жарлыгы менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын штаттык санына өзгөртүүлөр

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 8-декабрындагы № 336 «Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын ишинин айрым маселелери жөнүндө» Жарлыгы менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын штаттык санында:

– 17-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

«

| 17 | ПРЕЗИДЕНТТИН ЖАНА МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ЧЕЧИМДЕРИН АТКАРУУНУ КОНТРОЛДОО БАШКАРМАЛЫГЫ | 49 |
| --- | --- | --- |
|  | Башкармалыктын начальниги | 1 |
|  | Контролдоо бөлүмү | 13 |
|  | Башкармалыктын начальнигинин орун басары – бөлүмдүн башчысы | 1 |
|  | Бөлүмдүн башчысынын орун басары | 1 |
|  | Мамлекеттик инспектор | 11 |
|  | Коргоо, укуктук тартип жана коопсуздук бөлүмү | 7 |
|  | Бөлүмдүн башчысы | 1 |
|  | Бөлүмдүн башчысынын орун басары | 1 |
|  | Мамлекеттик инспектор | 5 |
|  | Кырдаалдык борбор | 21 |
|  | Директор | 1 |
|  | Санариптик өнүктүрүү боюнча бөлүм | 6 |
|  | Борбордун директорунун орун басары – бөлүмдүн башчысы | 1 |
|  | Бөлүмдүн башчысынын орун басары | 1 |
|  | Эксперт | 4 |
|  | Мониторинг жүргүзүү жана талдоо бөлүмү | 9 |
|  | Бөлүмдүн башчысы | 1 |
|  | Бөлүмдүн башчысынын орун басары | 1 |
|  | Инспектор | 7 |
|  | Суу саясаты боюнча бөлүм | 5 |
|  | Бөлүмдүн башчысы | 1 |
|  | Эксперт | 4 |
|  | Жарандардын кайрылуулары менен иштөө боюнча бөлүм | 5 |
|  | Бөлүмдүн башчысы | 1 |
|  | Инспектор | 4 |
|  | Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Ырайым кылуу маселелери боюнча комиссиянын катчылыгы | 2 |
|  | Жооптуу катчы | 1 |
|  | Эксперт | 1 |

»;

– 23-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

«

| 23 | КАНЦЕЛЯРИЯ | 24 |
| --- | --- | --- |
|  | Канцеляриянын начальниги | 1 |
|  | Иш кагаздарын жүргүзүү сектору | 10 |
|  | Канцеляриянын начальнигинин орун басары – сектордун башчысы | 1 |
|  | Эксперт | 9 |
|  | Регламент жана жыйналыштарды (кеңешмелерди) уюштуруу сектору | 3 |
|  | Сектордун башчысы | 1 |
|  | Эксперт | 2 |
|  | Редакциялоо жана которуу сектору | 10 |
|  | Сектордун башчысы | 1 |
|  | Эксперт | 9 |

»;

– «Жыйынтыгы» позициясында «274» деген цифралар «278» деген цифраларга алмаштырылсын.
