# Дөбөлү айыл аймагынын айылдык кеңешинин 2026-жылдын 14-июлундагы №26/2 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 26-декабрындагы №713 токтомунун аткарылышын камсыздоо жөнүндө" Токтому

- Толук аталышы: Дөбөлү айыл аймагынын айылдык кеңешинин 2026-жылдын 14-июлундагы №26/2 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 26-декабрындагы №713 токтомунун аткарылышын камсыздоо жөнүндө" Токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 26/2
- Кабыл алынган күнү: 14.07.2026
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 14.07.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230049983>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-57315/edition/57424/ru>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 14.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Дөбөлү айыл аймагынын айылдык кеңешинин 2026-жылдын 14-июлундагы №26/2 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 26-декабрындагы №713 токтомунун аткарылышын камсыздоо жөнүндө" Токтому (14.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230049983

---

ДӨБӨЛҮ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

XXIX ЧАКЫРЫЛЫШЫНЫН КЕЗЕКТҮҮ XXVI СЕССИЯСЫ

2026-жылдын 14-июлу № 26/2

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 26-декабрындагы № 713 токтомунун аткарылышын камсыздоо жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 26-декабрындагы №713 токтомунун талаптарын аткарууну камсыз кылуу, жергиликтүү салыктарды жана башка милдеттүү төлөмдөрдү өз убагында чогултууга көмөк көрсөтүү максатында, “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамын жетекчиликке алып, Дөбөлү айыл аймагынын айылдык кеңеши токтом кылат:

1. Дөбөлү айыл аймагынын айыл өкмөтү Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 26-декабрындагы №713 токтомунда каралган төлөмдөрдүн өз убагында төлөнүшүн камсыздоо боюнча түшүндүрүү жана уюштуруу иштерин күчөтүү тапшырылсын.

2. Дөбөлү айыл аймагынын айыл өкмөтү тарабынан жарандарга ветеринардык жана башка маалымкаттарды берүүдө жарандардын №713 токтомдо каралган төлөмдөр боюнча карызынын бар же жок экендиги жөнүндө маалымдоо жана карыз болгон учурда аны өз ыктыяры менен төлөө сунушталсын.

3.Мыйзамдарга ылайык көрсөтүлүүчү мамлекеттик жана муниципалдык кызматтарды көрсөтүүдө жарандардын укуктарынын бузулушуна жол берилбесин.

4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Дөбөлү айыл өкмөтүнүн башчысына тапшырылсын.

| Төрага: | Б. Шералиев |
