# Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 29-июнундагы № 487-т (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 10-октябрындагы № 606-т тескемесине өзгөртүү киргизүү тууралуу) тескемеси

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 29-июнундагы № 487-т (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 10-октябрындагы № 606-т тескемесине өзгөртүү киргизүү тууралуу) тескемеси
- Актынын түрү: Распоряжение
- Номери: 487-т
- Кабыл алынган күнү: 29.06.2026
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 29.06.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230049968>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/57-19978/edition/57410/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230049968.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 29.06.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 29-июнундагы № 487-т (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 10-октябрындагы № 606-т тескемесине өзгөртүү киргизүү тууралуу) тескемеси (29.06.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230049968

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТЕСКЕМЕСИ

2026-жылдын 29-июну № 487-т

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 17-июлундагы № 191 "Кыргыз Республикасынын "Менин үйүм" мамлекеттик турак жай программасын бекитүү жөнүндө" Жарлыгы менен бекитилген Кыргыз Республикасынын "Менин үйүм" мамлекеттик турак жай программасын натыйжалуу ишке ашыруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык:

1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 10-октябрындагы № 606-т тескемесине төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

1) 3-пункт күчүн жоготту деп таанылсын;

2) төмөнкүдөй мазмундагы 3-1-пункт менен толукталсын:

"3-1. "МИК" ААКка Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттик менен биргеликте курулушу аяктагандан кийин 10% турак жайды өзү жасалгалап бүтүрүү жана жалпы аянты 1200 кв.м, оңдоосу жана эмереги менен медициналык багыттагы жайды медициналык жабдууларсыз "МИК" ААКтын менчигине өткөрүп берүү шартында ушул тескеменин 1-пунктунда көрсөтүлгөн жер тилкесинде турак жана башка жайларды куруу жөнүндө "Экиз Иншаат ве Тижарет" ("Ekiz Insaat ve Ticaret") жоопкерчилиги чектелген коому менен макулдашуу түзүү сунушталсын.".

2. "Мамлекеттик ипотекалык компания" ачык акционердик коомуна ушул тескемеден келип чыгуучу башка чараларды көрүү сунушталсын.

| Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы | | А.А. Касымалиев |
