# Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 17-августу № 556 "Маданият жана искусство чөйрөсүндөгү билим берүү уюмдарынын жетекчилеринин кызмат орундарына конкурс өткөрүү, дайындоо жана кызмат орундарынан бошотуу тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 17-августу № 556 "Маданият жана искусство чөйрөсүндөгү билим берүү уюмдарынын жетекчилеринин кызмат орундарына конкурс өткөрүү, дайындоо жана кызмат орундарынан бошотуу тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 556
- Кабыл алынган күнү: 17.08.2026
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 17.08.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230049949>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-57292/edition/57375/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230049949.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 17.08.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 17-августу № 556 "Маданият жана искусство чөйрөсүндөгү билим берүү уюмдарынын жетекчилеринин кызмат орундарына конкурс өткөрүү, дайындоо жана кызмат орундарынан бошотуу тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтому (17.08.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230049949

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ

2026-жылдын 17-августу № 556

Маданият жана искусство чөйрөсүндөгү билим берүү уюмдарынын жетекчилеринин кызмат орундарына конкурс өткөрүү, дайындоо жана кызмат орундарынан бошотуу тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу

Маданият жана искусство чөйрөсүндөгү билим берүү уюмдарынын жетекчилеринин кызмат орундарына конкурс өткөрүүнүн, дайындоонун жана кызмат орундарынан бошотуунун бирдиктүү тартибин белгилөө, кадрдык жол-жоболордун ачыктыгын жана айкындуулугун камсыз кылуу максатында, «Маданият жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 30-беренесине, «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:

1. Маданият жана искусство чөйрөсүндөгү билим берүү уюмдарынын жетекчилеринин кызмат орундарына конкурс өткөрүү, дайындоо жана кызмат орундарынан бошотуу тартиби жөнүндө жобо тиркемеге ылайык бекитилсин.

2. Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлиги:

1) өзүнүн чечимдерин ушул токтомго ылайык келтирсин;

2) ушул токтомдон келип чыгуучу башка чараларды көрсүн.

3. Бул токтомду ишке ашырууга байланышкан чыгымдар тиешелүү жана кийинки жылдарга республикалык бюджетте Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигине каралган каражаттардын чегинде жүзөгө ашырылат деп белгиленсин.

4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.

5. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

| Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы | | А.А. Касымалиев |
