# Чолпон айыл аймагынын айылдык кеңешинин 2025-жылдын 9-сентябрындагы "Козубеков Закир Ашимовичке “Чолпон айылынын Ардактуу атуулу” төш белгисин берүү жөнүндө" №10/5 токтому.

- Толук аталышы: Чолпон айыл аймагынын айылдык кеңешинин 2025-жылдын 9-сентябрындагы "Козубеков Закир Ашимовичке “Чолпон айылынын Ардактуу атуулу” төш белгисин берүү жөнүндө" №10/5 токтому.
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 10/5
- Кабыл алынган күнү: 09.09.2025
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 09.09.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230049940>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-57284/edition/57362/ru>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 09.09.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Чолпон айыл аймагынын айылдык кеңешинин 2025-жылдын 9-сентябрындагы "Козубеков Закир Ашимовичке “Чолпон айылынын Ардактуу атуулу” төш белгисин берүү жөнүндө" №10/5 токтому. (09.09.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230049940

---

ЧОЛПОН АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ VIII ЧАКЫРЫЛЫШЫНЫН КЕЗЕКСИЗ X СЕССИЯСЫ 2025-жылдын 9-сентябры № 10/5

Козубеков Закир Ашимовичке “Чолпон айылынын Ардактуу атуулу” төш белгисин берүү жөнүндө

Кыргыз Өкмөтүнүн 2024-жылдын 10-майындагы № 229-токтомуна жана Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 20-октябрындагы “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу оргондары жөнүндө” №123 мыйзамынын 34-беренесине ылайык Депутаттардын Чолпон айыл аймагынын айылдык кеңеши токтом кылат:

1. 2024-жылдын 21-августунан бери Чолпон айылдык аймагынын айыл өкмөтү мекемесинин башчысы болуп эмгектенип, өз ишине берилгендиги, ак ниети менен айылдын социалдык-экономикалык абалынын жакшырышына кошкон эмгеги, кызматына болгон жогорку жоопкерчилиги, адамгерчилиги жана кесипкөйлүгү үчүн Чолпон айылдык аймагынын айыл өкмөтү мекемесинин башчысы Козубеков Закир Ашимовичке "Чолпон айылынын Ардактуу атуулу" төш белгиси ыйгарылсын.

2. Төш белгини жасатуу милдети Чолпон айыл аймагынын айыл өкмөтү мекемесинин башчысынын орун басары Исаков Азамат Исаковичке тапшырылсын.

3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Чолпон айылдык кеңешинин төрагасына жүктөлсүн.

| Төрага | Ө. Урматов |
