# 6-берене

- Документ: [Юридикалык өкүлчүлүктүн маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/230049897)
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2026-жылдын 3-августундагы № 141 "Юридикалык өкүлчүлүктүн маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 141
- Кабыл алынган күнү: 03.08.2026
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 03.08.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230049897/st-6>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-5819/edition/57324/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230049897/st-6.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 03.08.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Юридикалык өкүлчүлүктүн маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө, 6-берене (03.08.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230049897/st-6

---

1. Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

2. Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги жана Кыргыз Республикасынын Адвокатурасы ушул Мыйзам күчүнө кирген күндөн тартып алты айлык мөөнөттө:

1) Юридикалык өкүлдөрдүн реестрин түзүү жана жүргүзүү тартибин бекитсин;

2) юридикалык өкүлдөрдү сертификаттоонун тартибин, ошондой эле 80 академиялык сааттан кем эмес көлөмдөгү кошумча билим берүү программасын биргелешип иштеп чыксын жана аларды Адвокаттардын окуу борборунда бекитсин;

3) мамлекеттик маалымат тутуму аркылуу документтерди санариптик форматта берүүнүн техникалык мүмкүнчүлүгүн камсыз кылсын;

4) 2027-жылдын 1-январына чейинки мөөнөттө мамлекет кепилдеген юридикалык жардам тутумунда юридикалык өкүлдөрдүн катышуусунун пилоттук программасын даярдоону жана ишке киргизүүнү камсыз кылсын.

3. Ушул Мыйзам күчүнө киргенге чейин юридикалык өкүлчүлүктүн кызматтарын көрсөткөн юридикалык жактар жана жеке ишкерлер ушул Мыйзам күчүнө кирген күндөн тартып алты айдын ичинде белгиленген талаптарды сактоо менен Юридикалык өкүлдөрдүн реестрине киргизүү жөнүндө арыз берүүгө укуктуу.

4. Юридикалык өкүлдөрдүн реестри толук ишке киргизилгенге чейин жактар өздөрүнүн ыйгарым укуктарын тастыктоочу ишеним каты бар болгондо сот процесстерине катышууга укуктуу.

| Кыргыз Республикасынын Президенти |  | С.Жапаров |
| --- | --- | --- |
|  |  |  |
| 2026-жылдын 24-июнунда |  | Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши кабыл алган |

---

Мурунку берене: [5-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230049897/st-5)
