# 5-берене

- Документ: [Юридикалык өкүлчүлүктүн маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/230049897)
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2026-жылдын 3-августундагы № 141 "Юридикалык өкүлчүлүктүн маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 141
- Кабыл алынган күнү: 03.08.2026
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 03.08.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230049897/st-5>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-5819/edition/57324/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230049897/st-5.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 03.08.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Юридикалык өкүлчүлүктүн маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө, 5-берене (03.08.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230049897/st-5

---

"Мамлекет кепилдеген юридикалык жардам жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ("Эркин-Тоо" гезити, 2022-жылдын 16-августу, № 71) төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин: 2-берене төмөнкүдөй мазмундагы абзацтар менен толукталсын: "Эгерде бул Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларында каралган алардын статусунун өзгөчөлүктөрүнө карама-каршы келбесе, юридикалык өкүлдөргө ушул Мыйзамдын жоболору адвокаттар менен окшоштук боюнча колдонулат. Юридикалык өкүлдөр тарабынан көрсөтүлүүчү квалификациялуу юридикалык жардамга жол берүүнүн, тандоонун, дайындоонун, иштерди бөлүштүрүүнүн, каржылоонун, кызмат көрсөтүүлөргө акы төлөөнүн, контролдоонун жана сапатын баалоонун өзгөчөлүктөрү жана мамлекет кепилдеген юридикалык жардам тутумунун алкагында юридикалык өкүлдөрдүн иштөө тартиби Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан белгиленет.".

---

Мурунку берене: [4-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230049897/st-4)  
Кийинки берене: [6-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230049897/st-6)
