# 2-берене

- Документ: [Юридикалык өкүлчүлүктүн маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/230049897)
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2026-жылдын 3-августундагы № 141 "Юридикалык өкүлчүлүктүн маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 141
- Кабыл алынган күнү: 03.08.2026
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 03.08.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230049897/st-2>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-5819/edition/57324/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230049897/st-2.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 03.08.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Юридикалык өкүлчүлүктүн маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө, 2-берене (03.08.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230049897/st-2

---

Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодексине (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2017-ж., № 1 (2), 14-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

1) 2-берене төмөнкүдөй мазмундагы 26-пункт менен толукталсын:

"26) юридикалык өкүл - процесстик мыйзамдардын жана юридикалык өкүлчүлүк маселелерин жөнгө салуучу мыйзамдардын талаптарына ылайык сот өндүрүшүндө жеке жана юридикалык жактардын кызыкчылыктарын коргоо боюнча аларга квалификациялуу юридикалык жардам көрсөтүү боюнча ишти жүзөгө ашыруучу өкүл.";

2) 59-берене төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"59-берене. Сотто өкүл боло ала турган адамдар

1. Төмөнкүлөр сотто өкүл боло алат:

1) адвокаттар;

2) мыйзам, устав же жобо менен ушул юридикалык жактын укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоо укугу берилген юридикалык жактардын жана алардын филиалдарынын (өкүлчүлүктөрүнүн) кызматкерлери;

3) тиешелүү мамлекеттик органдын же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын кызыкчылыктарын коргоочу, ошондой эле алардын мыйзамдуу өкүлдөрү катары чыгуучу мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кызматкерлери;

4) юридикалык өкүлчүлүк маселелерин жөнгө салуучу мыйзамдарда белгиленген талаптарга ылайык келген юридикалык өкүлдөр;

5) ушул Кодекстин 61-беренесинде көрсөтүлгөн мыйзамдуу өкүлдөр.

2. Ушул берене жеке жактардын сот процессине өз укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоо боюнча өз алдынча катышуу укугун чектебейт.";

3) 60-берененин 4-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"4) адвокаттык иш жана юридикалык өкүлчүлүк маселелерин жөнгө салуучу мыйзамдардын талаптарын бузуу менен аракеттенген адвокаттар жана юридикалык өкүлдөр;";

4) 62-беренеде:

а) 1-бөлүк төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"1. Сотто жеке жактардын кызыкчылыктарына өкүлчүлүк кылуу адвокаттар же юридикалык өкүлдөр тарабынан жүзөгө ашырылат, алардын ыйгарым укуктары нотариалдык жактан күбөлөндүрүлгөн ишеним кат менен таризделет. Эгерде өкүл юридикалык өкүл болуп саналса, ишеним катта юридикалык өкүлчүлүк маселелерин жөнгө салуучу мыйзамдарда белгиленген тартипте юридикалык өкүлдүн статусун тастыктоочу Юридикалык өкүлдөрдүн реестринде катталган номери жана датасы көрсөтүлөт.";

б) 4-бөлүк төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"4. Адвокаттын ыйгарым укуктары тапшырма ордери жана адвокаттык иш жөнүндө мыйзамдарга ылайык түзүлгөн юридикалык жардам көрсөтүү жөнүндө келишим менен ырасталат.".

---

Мурунку берене: [1-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230049897/st-1)  
Кийинки берене: [3-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230049897/st-3)
