Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
2-берене
Күчүндө · 03.08.2026 редакциясы
Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодексине (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2017-ж., № 1 (2), 14-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 2-берене төмөнкүдөй мазмундагы 26-пункт менен толукталсын:
"26) юридикалык өкүл - процесстик мыйзамдардын жана юридикалык өкүлчүлүк маселелерин жөнгө салуучу мыйзамдардын талаптарына ылайык сот өндүрүшүндө жеке жана юридикалык жактардын кызыкчылыктарын коргоо боюнча аларга квалификациялуу юридикалык жардам көрсөтүү боюнча ишти жүзөгө ашыруучу өкүл.";
2) 59-берене төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"59-берене. Сотто өкүл боло ала турган адамдар
1. Төмөнкүлөр сотто өкүл боло алат:
1) адвокаттар;
2) мыйзам, устав же жобо менен ушул юридикалык жактын укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоо укугу берилген юридикалык жактардын жана алардын филиалдарынын (өкүлчүлүктөрүнүн) кызматкерлери;
3) тиешелүү мамлекеттик органдын же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын кызыкчылыктарын коргоочу, ошондой эле алардын мыйзамдуу өкүлдөрү катары чыгуучу мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кызматкерлери;
4) юридикалык өкүлчүлүк маселелерин жөнгө салуучу мыйзамдарда белгиленген талаптарга ылайык келген юридикалык өкүлдөр;
5) ушул Кодекстин 61-беренесинде көрсөтүлгөн мыйзамдуу өкүлдөр.
2. Ушул берене жеке жактардын сот процессине өз укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоо боюнча өз алдынча катышуу укугун чектебейт.";
3) 60-берененин 4-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"4) адвокаттык иш жана юридикалык өкүлчүлүк маселелерин жөнгө салуучу мыйзамдардын талаптарын бузуу менен аракеттенген адвокаттар жана юридикалык өкүлдөр;";
4) 62-беренеде:
а) 1-бөлүк төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"1. Сотто жеке жактардын кызыкчылыктарына өкүлчүлүк кылуу адвокаттар же юридикалык өкүлдөр тарабынан жүзөгө ашырылат, алардын ыйгарым укуктары нотариалдык жактан күбөлөндүрүлгөн ишеним кат менен таризделет. Эгерде өкүл юридикалык өкүл болуп саналса, ишеним катта юридикалык өкүлчүлүк маселелерин жөнгө салуучу мыйзамдарда белгиленген тартипте юридикалык өкүлдүн статусун тастыктоочу Юридикалык өкүлдөрдүн реестринде катталган номери жана датасы көрсөтүлөт.";
б) 4-бөлүк төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"4. Адвокаттын ыйгарым укуктары тапшырма ордери жана адвокаттык иш жөнүндө мыйзамдарга ылайык түзүлгөн юридикалык жардам көрсөтүү жөнүндө келишим менен ырасталат.".
Берененин тексти 03.08.2026 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Берененин байланыштары
Беренеде аталган актылар (1)
- Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодексиКодекс · 25.01.2017 · № 14
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/230049897/st-2" title="2-берене - Юридикалык өкүлчүлүктүн маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>