# 1-берене

- Документ: [Юридикалык өкүлчүлүктүн маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/230049897)
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2026-жылдын 3-августундагы № 141 "Юридикалык өкүлчүлүктүн маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 141
- Кабыл алынган күнү: 03.08.2026
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 03.08.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230049897/st-1>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-5819/edition/57324/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230049897/st-1.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 03.08.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Юридикалык өкүлчүлүктүн маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө, 1-берене (03.08.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230049897/st-1

---

Кыргыз Республикасынын Административдик-процесстик кодексине (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2017-ж., № 1 (2), 13-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

1) 3-берене төмөнкүдөй мазмундагы 28-пункт менен толукталсын:

"28) юридикалык өкүл - юридикалык өкүлчүлүк маселелерин жөнгө салуучу мыйзамдарга ылайык административдик сот өндүрүшүндө жеке жана юридикалык жактардын кызыкчылыктарын коргоодо аларга квалификациялуу юридикалык жардам көрсөтүү боюнча ишти жүзөгө ашыруучу өкүл.";

2) 29-беренеде:

а) 1-бөлүк төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"1. Тарап сотто процесстик аракеттерди жеке өзү же болбосо бир же бир нече өкүл аркылуу жасоого укуктуу. Ишке жеке өзү катышуу тарапты өкүлгө ээ болуу укугунан ажыратпайт. Өкүлдүн катышуусу өкүл дайындаган жактын процесстик аракеттерди өз алдынча жасоо укугун чектебейт. Тараптардын өкүлдөрү төмөнкүлөр боло алат:

- адвокаттар;

- юридикалык өкүлчүлүк маселелерин жөнгө салуучу мыйзамдарга ылайык ишти жүзөгө ашыруучу юридикалык өкүлдөр;

- мыйзамдуу өкүлдөр;

- кызмат орду боюнча өкүлдөр.

Тарап ишти жүргүзүүнү бир же бир нече өкүлгө тапшырууга укуктуу. Өкүлдөрдүн ыйгарым укуктары жарандык мыйзамдарда каралган тартипте жол-жоболоштурулат. Сотко кайрылууда өкүл ишеним катты электрондук түрдө же тиешелүү түрдө күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсүн берүүгө милдеттүү.";

б) 10-бөлүк төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"10. Мыйзамдуу өкүлдөрдү кошпогондо, өкүлдүн ыйгарым укуктары Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексине ылайык берилген жана жол-жоболоштурулган ишеним катта туюнтулууга тийиш. Адвокаттын ыйгарым укуктары адвокаттык иш жөнүндө мыйзамдарга ылайык берилген тапшырма ордери менен ырасталат. Эгерде өкүл юридикалык өкүл болуп саналса, ишеним катта юридикалык өкүлчүлүк маселелерин жөнгө салуучу мыйзамдарда белгиленген тартипте юридикалык өкүлдүн статусун тастыктоочу Юридикалык өкүлдөрдүн реестринде катталган номери жана датасы көрсөтүлөт.";

3) 30-берененин 2-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"2. Юридикалык жардам көрсөтүү жөнүндө тапшырманы адвокаттык иш жөнүндө мыйзамдарда жана юридикалык өкүлчүлүк маселелерин жөнгө салуучу мыйзамдарда белгиленген эрежелерди бузуу менен кабыл алган адвокаттар жана юридикалык өкүлдөр сотто өкүл боло алышпайт.";

4) 31-берененин 2-бөлүгү төмөнкүдөй мазмундагы абзац менен толукталсын:

"Эгерде өкүл юридикалык өкүл болуп саналса, ишеним катта юридикалык өкүлчүлүк маселелерин жөнгө салуучу мыйзамдарда белгиленген тартипте юридикалык өкүлдүн статусун тастыктоочу Юридикалык өкүлдөрдүн реестринде катталган номери жана датасы көрсөтүлөт.".

---

Кийинки берене: [2-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230049897/st-2)
