# Шапак айылындагы кичи футбол аянтчасына Чымырбеков Руслан Абдылдаевичтин атын ыйгаруу жѳнүндѳ токтому

- Толук аталышы: Шапак айылындагы кичи футбол аянтчасына Чымырбеков Руслан Абдылдаевичтин атын ыйгаруу жѳнүндѳ токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 6
- Кабыл алынган күнү: 14.04.2026
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 17.08.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230049875>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-57242/edition/57299/ru>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 17.08.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Шапак айылындагы кичи футбол аянтчасына Чымырбеков Руслан Абдылдаевичтин атын ыйгаруу жѳнүндѳ токтому (17.08.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230049875

---

КАРАКОЛ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН ЖЕРГИЛИКТҮҮ КЕНЕШИ

ТОКТОМ

2026-жылдын”\_\_\_\_\_” \_\_\_\_\_\_\_\_№\_\_\_\_\_\_

Шапак айылындагы кичи футбол аянтчасына Чымырбеков Руслан Абдылдаевичтин атын ыйгаруу жѳнүндѳ

Каракол айыл аймагынын жергиликтүү кенешинин Социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясынын 2026-жылдын 14-апрелиндеги кортундусун угуп жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын “Географиялык аталыштар жѳнүндѳ” Мыйзамынын 7-беренесине ылайык, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү ѳз алдынча башкаруу жѳнүндѳ” Мыйзамынын 34,39 беренесин жетекчиликке алып, Каракол айыл аймагынын жергиликтүү кенеши токтом кылат:

1. Шапак айылындагы кичи футбол аянтчасына Чымырбеков Руслан Абдылдаевичтин аты ыйгарылсын.

2.Ушул токтом Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү ѳз алдынча башкаруу иштери боюнча агенттиктин сайтына жарыялансын.

3.Каракол айыл аймагынын жергиликтүү кенешинин жооптуу катчысы Ч.Садамбекова бул токтомду каттоого алсын жана токтомдун кѳчүрмѳсү тиркемелери менен бирге ченемдик укуктук актылар Мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын юстиция Министрлигинин Ысык-Кѳл облустук башкармалыгына жѳнѳтүлсүн.

4. Ушул токтом Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын Мамлекеттик реестрине киргизилген күндѳн тартып күчүнѳ кирет.

5. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо жагы социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына жүктѳлсүн.

Төрага Б.М.Алымбаев
