Шапак айылындагы кичи футбол аянтчасына Чымырбеков Руслан Абдылдаевичтин атын ыйгаруу жѳнүндѳ токтому
Бул документ боюнча сурооңуз барбы?Чат-боттун жообун документ менен салыштырыңыз
ЖИ мыйзамдын тексти боюнча жооп беретЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берет · акысыз
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
КАРАКОЛ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН ЖЕРГИЛИКТҮҮ КЕНЕШИ
ТОКТОМ
2026-жылдын”_____” ________№______
Шапак айылындагы кичи футбол аянтчасына Чымырбеков Руслан Абдылдаевичтин атын ыйгаруу жѳнүндѳ
Каракол айыл аймагынын жергиликтүү кенешинин Социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясынын 2026-жылдын 14-апрелиндеги кортундусун угуп жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын “Географиялык аталыштар жѳнүндѳ” Мыйзамынын 7-беренесине ылайык, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү ѳз алдынча башкаруу жѳнүндѳ” Мыйзамынын 34,39 беренесин жетекчиликке алып, Каракол айыл аймагынын жергиликтүү кенеши токтом кылат:
1. Шапак айылындагы кичи футбол аянтчасына Чымырбеков Руслан Абдылдаевичтин аты ыйгарылсын.
2.Ушул токтом Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү ѳз алдынча башкаруу иштери боюнча агенттиктин сайтына жарыялансын.
3.Каракол айыл аймагынын жергиликтүү кенешинин жооптуу катчысы Ч.Садамбекова бул токтомду каттоого алсын жана токтомдун кѳчүрмѳсү тиркемелери менен бирге ченемдик укуктук актылар Мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын юстиция Министрлигинин Ысык-Кѳл облустук башкармалыгына жѳнѳтүлсүн.
4. Ушул токтом Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын Мамлекеттик реестрине киргизилген күндѳн тартып күчүнѳ кирет.
5. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо жагы социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына жүктѳлсүн.
Төрага Б.М.Алымбаев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.