# Нурманбет айылдык кеңешинин 2026-жылдын 4-августундагы № 64/VXI-29 "№158 контурда жайгашкан мүрзө үчүн бөлүнгөн жер тилкесин Нурманбет айыл өкмөтүнүн балансына өткөрүүгө макулдук берүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Нурманбет айылдык кеңешинин 2026-жылдын 4-августундагы № 64/VXI-29 "№158 контурда жайгашкан мүрзө үчүн бөлүнгөн жер тилкесин Нурманбет айыл өкмөтүнүн балансына өткөрүүгө макулдук берүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 64/VXI-29
- Кабыл алынган күнү: 04.08.2026
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 04.08.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230049837>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-57215/edition/57261/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230049837.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 04.08.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Нурманбет айылдык кеңешинин 2026-жылдын 4-августундагы № 64/VXI-29 "№158 контурда жайгашкан мүрзө үчүн бөлүнгөн жер тилкесин Нурманбет айыл өкмөтүнүн балансына өткөрүүгө макулдук берүү жөнүндө" токтому (04.08.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230049837

---

НУРМАНБЕТ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ

2026-жылдын 4-августу №64/VXI-29 №158 контурда жайгашкан мүрзө үчүн бөлүнгөн жер тилкесин Нурманбет айыл өкмөтүнүн балансына өткөрүүгө макулдук берүү жөнүндө

Ысык-Ата районунун прокуратурасы тарабынан келип түшкөн сунуштаманын жана Ысык-Ата райондук мамлекеттик администрациясынын 2026-жылдын 20-июлундагы №5442 катынын негизинде Нурманбет айыл аймагынын Красная-Речка айылында №158-контурда жайгашкан айыл чарба багытындагы көрүстөн катары колдонулуп келген жер тилкесин мыйзамдаштыруу максатында Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 4-ноябрындагы №665 «Жер тилкелерин которуу (трансформациялоо) тартиби жөнүндө» жобосуна ылайык жана «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 34 жана 39-беренелерине ылайык Нурманбет айылдык кеңешинин сессиясы токтом кылат:

1. Красная-Речка айылындагы № 158-контурда жайгашкан көрүстөндү айыл өкмөтүнүн балансына өткөрүүгө макулдук берилсин.

2. Нурманбет айылдык кенешинин жооптуу катчысы Бекбаева А.Т.

- ушул токтомду белгиленген тартипте каттоодон ɵткɵрсүн;

- ушул токтомдун кɵчүрмɵсүн Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Юстиция Министрлигинин тиешелүү аймактык бɵлүмүнɵ жɵнɵтүлсүн.

3. Ушул Министирлер Кабинетине караштуу мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү ɵз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агентигинин mkk.gov.kg сайтына жарыялансын.

2026-жылдын 12-августунда https://gagsmsu.kg/2026/08/12/%d1%87%d2%af%d0%b9-%d0%be%d0%b1%d0%bb%d1%83%d1%81%d1%83%d0%bd%d1%83%d0%bd-%d1%8b%d1%81%d1%8b%d0%ba-%d0%b0%d1%82%d0%b0-%d1%80%d0%b0%d0%b9%d0%be%d0%bd%d1%83%d0%bd%d0%b0-%d0%ba%d0%b0%d1%80%d0%b0%d1%88-5/ расмий сайтында жарыяланды

4. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Нурманбет айылдык кеңешинин агрардык маселелер, курулуш, унаа, жана турак-коммуналдык чарба боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

| Төрага | Д.К.Бакырчаков |
