Нурманбет айылдык кеңешинин «№158 контурда жайгашкан мүрзө үчүн бөлүнгөн жер тилкесин Нурманбет айыл өкмөтүнүн балансына өткөрүүгө макулдук берүү жөнүндө» токтому
Бул документ боюнча сурооңуз барбы?Чат-боттун жообун документ менен салыштырыңыз
ЖИ мыйзамдын тексти боюнча жооп беретЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берет · акысыз
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
НУРМАНБЕТ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
2026-жылдын 4-августу №64/VXI-29 №158 контурда жайгашкан мүрзө үчүн бөлүнгөн жер тилкесин Нурманбет айыл өкмөтүнүн балансына өткөрүүгө макулдук берүү жөнүндө
Ысык-Ата районунун прокуратурасы тарабынан келип түшкөн сунуштаманын жана Ысык-Ата райондук мамлекеттик администрациясынын 2026-жылдын 20-июлундагы №5442 катынын негизинде Нурманбет айыл аймагынын Красная-Речка айылында №158-контурда жайгашкан айыл чарба багытындагы көрүстөн катары колдонулуп келген жер тилкесин мыйзамдаштыруу максатында Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 4-ноябрындагы №665 «Жер тилкелерин которуу (трансформациялоо) тартиби жөнүндө» жобосуна ылайык жана «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 34 жана 39-беренелерине ылайык Нурманбет айылдык кеңешинин сессиясы токтом кылат:
1. Красная-Речка айылындагы № 158-контурда жайгашкан көрүстөндү айыл өкмөтүнүн балансына өткөрүүгө макулдук берилсин.
2. Нурманбет айылдык кенешинин жооптуу катчысы Бекбаева А.Т.
- ушул токтомду белгиленген тартипте каттоодон ɵткɵрсүн;
- ушул токтомдун кɵчүрмɵсүн Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Юстиция Министрлигинин тиешелүү аймактык бɵлүмүнɵ жɵнɵтүлсүн.
3. Ушул Министирлер Кабинетине караштуу мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү ɵз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агентигинин mkk.gov.kg сайтына жарыялансын.
2026-жылдын 12-августунда https://gagsmsu.kg/2026/08/12/%d1%87%d2%af%d0%b9-%d0%be%d0%b1%d0%bb%d1%83%d1%81%d1%83%d0%bd%d1%83%d0%bd-%d1%8b%d1%81%d1%8b%d0%ba-%d0%b0%d1%82%d0%b0-%d1%80%d0%b0%d0%b9%d0%be%d0%bd%d1%83%d0%bd%d0%b0-%d0%ba%d0%b0%d1%80%d0%b0%d1%88-5/ расмий сайтында жарыяланды
4. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Нурманбет айылдык кеңешинин агрардык маселелер, курулуш, унаа, жана турак-коммуналдык чарба боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
| Төрага | Д.К.Бакырчаков |
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 1 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 1
Шилтеме берет (1)
Байланышкан документтер (1)
Расмий булактын маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- Жергиликтуу мамлекеттик администрация жана жергиликтуу өз алдынча башкаруу органдары жөнүндөЗакон · 20.10.2021 · № 123