Нурманбет айылдык кеңешинин «Нурманбет айыл аймагы боюнча «Көрүстөндөргө көмүү жайларын брондоо тартибин бекитүү жөнүндө» токтому
Бул документ боюнча сурооңуз барбы?Чат-боттун жообун документ менен салыштырыңыз
ЖИ мыйзамдын тексти боюнча жооп беретЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берет · акысыз
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
НУРМАНБЕТ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
2026-жылдын 2-июлу №63/XV-29 Нурманбет айыл аймагы боюнча «Көрүстөндөргө көмүү жайларын брондоо тартибин бекитүү жөнүндө»
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 19-августундагы №502 «Кыргыз Республикасынын көрүстөндөрүндө көмүү жайларын брондоо тартибин бекитүү жөнүндө» токтомуна ылайык жана Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү ɵз алдынча башкаруу жɵнүндɵ» Мыйзамынын 34, 39-беренелерине ылайык Нурманбет айылдык кеңешинин сессиясы токтом кылат:
1.Нурманбет айыл аймагынын жарандарына көрүстөндөргө көмүү жайлары акысыз берилсин.
2.Нурманбет айылдык кеңешинин жооптуу катчысы Бекбаева А.Т.
-ушул токтомду белгиленген тартипте каттоодон ɵткɵрсүн; -ушул токтомдун кɵчүрмɵсүн Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Юстиция Министрлигинин тиешелүү аймактык бɵлүмүнɵ жɵнɵтүлсүн.
3. Ушул токтом Кыргыз Республикасынын Министирлер Кабинетине караштуу мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү ɵз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттигинин mkk.gov.kg сайтына жарыялансын.
2026-жылдын 12-августунда https://gagsmsu.kg/2026/08/12/%d1%87%d2%af%d0%b9-%d0%be%d0%b1%d0%bb%d1%83%d1%81%d1%83%d0%bd%d1%83%d0%bd-%d1%8b%d1%81%d1%8b%d0%ba-%d0%b0%d1%82%d0%b0-%d1%80%d0%b0%d0%b9%d0%be%d0%bd%d1%83%d0%bd%d0%b0-%d0%ba%d0%b0%d1%80%d0%b0%d1%88-5/ расмий сайтында жарыяланды
4. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Нурманбет айылдык кеңешинин социалдык комиссиясына жүктөлсүн.
5. Ушул токтом кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.
| Төрайым | Н.С.Бекбоева |
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 1 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 1
Шилтеме берет (1)
Байланышкан документтер (1)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- Жергиликтуу мамлекеттик администрация жана жергиликтуу өз алдынча башкаруу органдары жөнүндөЗакон · 20.10.2021 · № 123