# Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 10-августундагы № 538 «Радиоактивдүү калдыктар менен иштөөдө радиациялык коопсуздук талаптары» санитардык эрежелерин жана ченемдерин бекитүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 10-августундагы № 538 «Радиоактивдүү калдыктар менен иштөөдө радиациялык коопсуздук талаптары» санитардык эрежелерин жана ченемдерин бекитүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 538
- Кабыл алынган күнү: 10.08.2026
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 10.08.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230049829>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-57210/edition/57253/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230049829.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 10.08.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 10-августундагы № 538 «Радиоактивдүү калдыктар менен иштөөдө радиациялык коопсуздук талаптары» санитардык эрежелерин жана ченемдерин бекитүү жөнүндө" токтому (10.08.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230049829

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ

2026-жылдын 10-августу № 538

«Радиоактивдүү калдыктар менен иштөөдө радиациялык коопсуздук талаптары» санитардык эрежелерин жана ченемдерин бекитүү жөнүндө

Радиоактивдүү калдыктар менен иштөөдө радиациялык коопсуздукту камсыз кылуу максатында, «Кыргыз Республикасынын калкынын радиациялык коопсуздугу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7, 10-беренелерине жана «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:

1. «Радиоактивдүү калдыктар менен иштөөдө радиациялык коопсуздук талаптары» санитардык эрежелери жана ченемдери тиркемеге ылайык бекитилсин.

2. Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги, Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги, Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги жана Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги ушул токтомду ишке ашырууга жооптуу ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар болуп аныкталсын.

3. Бул токтомду ишке ашыруу тиешелүү жылга жана кийинки жылдарга республикалык бюджетте каралган каражаттардын чегинде жүзөгө ашырылат деп белгиленсин.

4. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

“Эркин-Тоо” мамлекеттик расмий гезитинин 2026-жылдын 11-августундагы № 60 (3820) саны менен жарыяланды.

| Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы | | А.А. Касымалиев |
