# Савай айылдык кеңешинин 2021-жылдын 26-февралындагы № 1/12 "Савай айыл өкмөтүнүн айылдарынын тургундарына материалдык жардам берүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Савай айылдык кеңешинин 2021-жылдын 26-февралындагы № 1/12 "Савай айыл өкмөтүнүн айылдарынын тургундарына материалдык жардам берүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 1/12
- Кабыл алынган күнү: 26.02.2021
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 26.02.2021
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230049803>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-57191/edition/57228/ru>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 26.02.2021 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Савай айылдык кеңешинин 2021-жылдын 26-февралындагы № 1/12 "Савай айыл өкмөтүнүн айылдарынын тургундарына материалдык жардам берүү жөнүндө" токтому (26.02.2021 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230049803

---

САВАЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ Савай айылдык округунун кеңешинин (VI-шайланган) депутаттарынын кезектеги II сессиясы

2021-жылдын 26-февралындагы № 1/12

Савай айыл өкмөтүнүн айылдарынын тургундарына материалдык жардам берүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын калкты тейлөө социалдык жактан тейлөөнүн негиздери жөнүндө мыйзамынын 2003-жылдын 12-апрелинин №71, 2005-жылдын 22-июнундагы №111, 2008-жылдын 28-июлундагы №177, 2013-жылдын 23-апрелиндеги №56-редакциясынын негизинде Савай айылдык округунун кеңешинин депутаттарынын (VI-шайланган) кезектеги II сессиясы Т О К Т О М К Ы Л А Т:

1. Савай айыл өкмөтүнүн Кен-Сай айылынын тургуну спорттун оор атлетика боюнча чебери Курманаева Зуурага 20 000(отуз миң) сом резервдик фондон, Октябрь айылынын тургуну Куштарбек уулу Амангелдиге 5 000(беш миң)сом, Орунбаева Барчынайдан операциясы үчүн 5000(беш миң)сом, Аматахунов Ү.Б үйү күйүп эки буту кыркылган дарыланууга5 000(беш миң) сом, Кызыл-Шарк айылынын тургуну Адахамжанова Муштаринин взносун төлөөгө 5000(беш миң)сом, Савай айылынын туругуну Разыков Эркинге операция жасатууга 5 000( беш миң)сом, Назарова Асылканга кызынын дарылануусуна 5000(беш миң) сом материалдык жардам берилсин.

Үй курууга жардам сураган тургунундар Абдикеримов Замир, Орунбаев Таалай, Махкамова Гулчехра, Гаипова Монысхандын үй шарты дыккат тешерилип,социалдык комиссияда каралып муктаждыгына жараша жардам берилсин.

2. Мыйзам чегинде акча каражатын бөлүп берүү жагы ФЭБне милдетттендирилсин.

3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы экономика, финансы жана бюджет боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

| Савай айылдык округунун кенешинин төрагасынын орун басары | | Б.Аматова |
