Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Савай айылдык кеңешинин «Савай айылдык округунун кеңешинин (VIшайланган) кезектеги II сессиясыны 2019-жылдын 29-декабрындагы № 3/6 токтомуна “Савай айыл өкмөтүнүн аймагындагы ижара мөөнөтү бүткөн кайра бөлүштүрүү фондун жерлерин ижарага берүү комиссиясынын курамына » өзгөртүү киргизүү жөнүндө» токтому
САВАЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ Савай айылдык округунун кеңешинин (VI-шайланган) депутаттарынын кезектеги II сессиясы
2021-жылдын 26-февралындагы № 1/10
Савай айылдык округунун кеңешинин (VIшайланган) кезектеги II сессиясыны 2019-жылдын 29-декабрындагы № 3/6 токтомуна “Савай айыл өкмөтүнүн аймагындагы ижара мөөнөтү бүткөн кайра бөлүштүрүү фондун жерлерин ижарага берүү комиссиясынын курамына » өзгөртүү киргизүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 3-сентябрындагы №602, 2016-жылдын 18-ноябрындагы №599, 2019-жылдын 15-февралындагы №55 токтомдордун редакциясына ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 22-июнундагы №243 токтому менен жактырылган Айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун жерлерин ижарага берүү шарттары жана тартиби тууралуу Типтүү Жобонун негизинде комиссиянын курамына өзгөртүү киргизүү жөнүндөгү сунушун талкуулап Савай айылдык округунун кеңешинин депутаттарынын (VI-шайланган) кезектеги II сессиясы Т О К Т О М К Ы Л А Т:
1. Айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун жерлерин ижарага берүү максатында айыл өкмөтүндө Жер комиссиясынын курамына төмөндөгүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин.
1) Хакимов Базарбек – Савай айылдык округунун кеңешинин депутаты, комисиянын торагасы.
2) Абибилла Акымбеков – Савай айыл өкмөтүнүн башкы адиси, комиссиянын катчысы
Комиссия мүчөлөрү:
3) Абдуллаев Абдусамат – Савай айыл өкмөтүнүн башчысынын милдетин аткаруучу
4) Кудайбердиев Эргешбай – Савай айылдык округунун кеңешинин депутаты.
5) Аманов Тыныбек – Савай айылдык округунун кеңешинин депутаты.
6).Базарбаев Сапарбай – Ынтымак айылынын айыл башчысы.
7) Джусуев Мамасадык – Савай айылынын айыл башчысы.
8) Бектемиров Жоомарт – Кыдырша айылынын айыл башчысы.
9) Женмуратов Алмаз – Савай айыл өкмөтнүн жетектөөчү адис салык боюнча
10) Каримжанов Садир - Савай айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысы
11) Дадажанов Музафар - Савай айыл өкмөтүнүн жетектөөчү адиси жер жана турак жай коммуналдык маселелер боюнча..
12) Кара-Суу райондук агрардык өнүктүрүү башкармалыгынын өкүлү (макулдашуу менен)
3. Түзүлгөн комиссияга иштерин КР Өкмөтүнүн “КБФ нун жерлерин ижарага берүнүн тартиби ” жөнүндөгү мыйзамдарынын, жер кодексинин, нормативдик актылары, типтуу жоболордун негизинде иш алып баруусу милдеттендирилсин.
4. Аукционду алып баруучу аукционист дайындоо айыл өкмөтүнүн башчысына жүктөлсүн.
5. Бул токтомду көзөмөлдөө жагы Савай айылдык округунун кеңешинин айыл чарба, жер, жайыттар жана курулуш боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
| Савай айылдык округунун кенешинин төрагасынын орун басары | | Б.Аматова |
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 4 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 0
Шилтеме берет (4)
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 22-июнундагы №243 "Айыл чарба жерлерин кайра бөлүштүрүү фондунун жерлерин ижарага берүүнүн шарттары жана тартиби жөнүндө типтүү жобо…Постановление · 22.06.2007 · № 243
4 ичинен 1 көрсөтүлдү. Толук тизме - шилтемелер панелинде.