# Савай айылдык кеңешинин 2021-жылдын 26-февралындагы № 1/6 "Савай айылдык аймагынын ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелгендерге жана жакыр жардамга муктаж тургундарына материалдык жардам берүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Савай айылдык кеңешинин 2021-жылдын 26-февралындагы № 1/6 "Савай айылдык аймагынын ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелгендерге жана жакыр жардамга муктаж тургундарына материалдык жардам берүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 1/6
- Кабыл алынган күнү: 26.02.2021
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 26.02.2021
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230049797>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-57185/edition/57222/ru>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 26.02.2021 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Савай айылдык кеңешинин 2021-жылдын 26-февралындагы № 1/6 "Савай айылдык аймагынын ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелгендерге жана жакыр жардамга муктаж тургундарына материалдык жардам берүү жөнүндө" токтому (26.02.2021 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230049797

---

САВАЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ Савай айылдык округунун кеңешинин (VI-шайланган) депутаттарынын кезектеги II сессиясы

2021-жылдын 26-февралындагы № 1/6

Савай айылдык аймагынын ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелгендерге жана жакыр жардамга муктаж тургундарына материалдык жардам берүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын калкты социалдык жактан тейлөөнүн негиздери жөнүндө мыйзамынын 2003-жылдын 12-апрелинин №71, 2005-жылдын 22-июнундагы №111, 2008-жылдын 28-июлундагы №177, 2013-жылдын 23-апрелиндеги №56-редакциясынын негизинде Савай айылдык округунун кеңешинин депутаттарынын (VI-шайланган) кезектеги II сессиясы

Т О К Т О М К Ы Л А Т:

1. Савай айылдык аймагындагы ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жана жакыр үй бүлөөлөргө төмөнкүдөй материалдык жардам көрсөтүлсүн:

- көзүнөн, жүрөгүнөн жана онкология менен, эхинококког оорусу менен

ооруган адамдарга операция жасатууга жана өтө жакыр үй-бүлөөлөргө- 10 000 сомдон, орто үй-бүлөөлөргө 5 000 сомдон.

- 1-топтогу майып адамдарга кышка көмүр алуу үчүн 2000 сомдон,

- бардык майыптарга дары-дармек үчүн 500 сомдон,

- ДЦП оорусу менен ооруган балдарга материалдык жардам үчүн - 2000 сомдон

- ВИЧ, СПИД оорусу менен ооругандарга материалдык жардам үчүн – 2000 сомдон,

- жасалма тиш коюу үчүн ( баатыр эне, көзүнөн, кулагынан ооругандар) - 1500 сомдон,

- көз айнек алуу үчүн (көзүнөн ооругандарга)- 1000 сомдон,

- угуу аппаратын алуу үчүн ( кулагынан ооругандарга) - 1000 сомдон,

- баатыр энелерге жол акысы үчүн- 600 сомдон,

- кургак учук оорусу менен ооругандарга санаторияга дарыланып келүү үчүн жол акысына- 2000 сомдон,

- кургак учук оорусу менен ооругандарга (материалдык жардам) - 1000 сомдон

- жарым жетимдерге (материалдык жардам)- 1000 сомдон,

- тоголок жетимдерге (материалдык жардам)- 2000 сомдон .

2. Мыйзам чегинде акча каражатын бөлүп берүү жагы ФЭБне милдетттендирилсин.

3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Савай айылдык округунун кеңешинин социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

| Савай айылдык округунун кенешинин төрагасынын орун басары | | Б.Аматова |
