Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Савай айылдык кеӊешинин 2021-жылдын 8–июлундагы № 8 «Савай айыл өкмөтүнөкараштуу мөөнөтү бүткөн ыңгайсыз жана сай жерлерини, кайра бөлүштүрүү фонд жерлерин ижарага берүү жөнүндө» токтому
САВАЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ Савай айылдык округунун кеӊешинин 7-чакырылышынын кезектеги 3-сессиясы
2021-жылдын 8–июлундагы № 8
Савай айыл өкмөтүнөкараштуу мөөнөтү бүткөн ыңгайсыз жана сай жерлерини, кайра бөлүштүрүү фонд жерлерин ижарага берүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын ӨкмөтүнүнЖер кодексинин 1-статьясынын 34-бөлүмүнө ылайык 2012-жылы 3-сентябрындагы №602, 2016-жылдын 18-наябрындагы №599,2019-жылдын 15-февралындагы №55 токтомдордун редакциясына ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 22-июнундагы №243 токтому менен жарыяланган Cавай айыл өкмөтүнө караштуу ыңгайсыз жана сай жерлерини мөөнөтү бүткөн кайра бөлүштүрүү мамлекеттик фондунун жерлерин ижарага берүү шарттары, тартибитууралу Типтүү Жобонун негизинде Савай айылдык округунун кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ижара мөөнөтү аяктаган Савай айыл өкмөтүнүнө караштуу ыңгайсыз жана сай жерлерини, кайра бөлүштүрүү мамлекеттик фондунун жерлери Кыргыз Республикасынын Өкөмөтүнүн 2016-жылдын 18-ноябрындагы №599 токтомунун редакциясына ылайык ижарага берилсин.
2. Савай айыл өкмөтүнө караштуу мөөнөтү бүткөн ыңгайсыз жана сай жерлерини, кайра бөлүштүрүү мамлекеттик фондунун жерлерин ижарага берүү максатында айыл өкмөтүндө жер комиссиясынын курамы төмөндөгүдөй түзүлсүн
Сулайманов Дауд -Савай айылдык округунун кеңешинин депутаты комиссиянын төрагасы.
Акымбеков Абибилла -Савай айыл өкмотүнүн башкы адиси комиссиянын катчысы
Комиссия мүчөлөрү:
1. Быкыев Айтбай –Савай айыл өкмөтүнүн орун басары
2. Женмуратов Алмаз –Савай айыл өкмөтүнүн башкы адиси
3. Дадажанов Музаффар –Савай айыл өкмөтүнүн жетектөөчү адиси жер
жана турак жай коммуналдык маселелер боюнча
4. Абдашим уулу Каныбек –Савай айыл өкмөтүнүн жетектөөчү адиси
6. Кадирали уулу Бекзат -Савай айылдык округунун кеңешинин депутаты
7. Жусуев Мамасадык -Савай айылынын айыл башчысы
8. Бекназаров Жоомарт -Кыдырша айылынын айыл башчысы
9. Полотов Гапыржан -Кызыл-Шарк айылынын айыл башчысы
10. Чырмашов Батыр –Кескен –Жар айылынын айыл башчысы
11. Мурзакулов Хабибилла –Кең-Сай айылынын айыл башчысы
12. Кундузов Абдибаит -Октябрь айылынын айыл башчысы
13. Хайдаров Мамашарип –Курбан-Кара айылынын айыл башчысы
14. Каримжанов Садирбек -Савай айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысы
15. Кара-Суу райондук агрардык өнүгүү департаментинин кызматкери (макулдугу менен)
3. Тузүлгөн комиссия КР Өкмөтүнүн «КБФ нун жерлерин ижарага беруу тартиби» мыйзамындагы жер кодексинин нормативдик актылары типтүү жоболорунун негизинде иш алып барсын
4. Савай айыл өкмөтүнө караштуу мөөнөтү бүткөн ыңгайсыз жана сай жерлерини, кайра бөлүштүрүү мамлекеттик фондунун жерлерин ижарага берүү максатында аукцион өткөрүү үчүн аукционист милдеттин аткаруу жер адиси М. Дадажановго жүктөлсүн.
5. Токтомду көзөмөлдөө жагы Савай айылдык өкмөтүнүн кеңешинин айыл чарба жер жана курулуш боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
| Савай айылдык округунун кеңешинин төрагасы | | Абдумалик уулу Нурбек |
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 4 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 0
Шилтеме берет (4)
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 22-июнундагы №243 "Айыл чарба жерлерин кайра бөлүштүрүү фондунун жерлерин ижарага берүүнүн шарттары жана тартиби жөнүндө типтүү жобо…Постановление · 22.06.2007 · № 243
4 ичинен 1 көрсөтүлдү. Толук тизме - шилтемелер панелинде.