# Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 10-августундагы № 534 "Кыргыз Республикасынын аймагында жарандык пиротехникалык буюмдарды жүгүртүү эрежелерин бекитүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 10-августундагы № 534 "Кыргыз Республикасынын аймагында жарандык пиротехникалык буюмдарды жүгүртүү эрежелерин бекитүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 534
- Кабыл алынган күнү: 10.08.2026
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 10.08.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230049766>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-57170/edition/57192/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230049766.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 10.08.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 10-августундагы № 534 "Кыргыз Республикасынын аймагында жарандык пиротехникалык буюмдарды жүгүртүү эрежелерин бекитүү жөнүндө" токтому (10.08.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230049766

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ

2026-жылдын 10-августу № 534

Кыргыз Республикасынын аймагында жарандык пиротехникалык буюмдарды жүгүртүү эрежелерин бекитүү жөнүндө

Өрт коопсуздугу чөйрөсүндөгү мыйзамдарды оптималдаштыруу, Бажы бирлигинин Комиссиясынын 2011-жылдын 16-августундагы № 770 «Бажы бирлигинин «Пиротехникалык буюмдардын коопсуздугу жөнүндө» техникалык регламентин кабыл алуу тууралуу» чечимине, «Өнөр жайлык багыттагы жардыргыч материалдар жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 4-беренесине ылайык келтирүү максатында, «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасынын аймагында жарандык пиротехникалык буюмдарды жүгүртүү эрежелери тиркемеге ылайык бекитилсин.

2. Төмөнкүлөр белгиленсин:

1) пиротехникалык буюмдарды сатуу адистештирилген дүкөндөр аркылуу гана жүргүзүлөт;

2) ушул токтомдон келип чыгуучу иш-чараларды ишке ашыруу тартылган мамлекеттик органдардын штаттык санынын жана тиешелүү жылга каралган каражаттарынын чегинде жүзөгө ашырылат;

3) иш күндөрү саат 22:00дөн 07:00гө чейин, ал эми дем алыш жана майрам күндөрү саат 22:00дөн 09:00гө чейин үн басымынын жана ызы-чуунун белгиленген деңгээлдеринен ашырууга жол берилбейт.

3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 24-августундагы № 368 «Кыргыз Республикасынын аймагында жарандык пиротехникалык буюмдарды жүгүртүүнүн эрежесин бекитүү жөнүндө» токтому күчүн жоготту деп таанылсын.

4. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

«Эркин-Тоо» мамлекеттик расмий гезитинин 2026-жылдын 11-августундагы № 60 (3820) саны менен жарыяланды

| Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы | | А.А. Касымалиев |
