# Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 10-августундагы № 533 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 3-мартындагы № 105 «Жаныбарларды жана жаныбарлардан алынган азыктарды идентификациялоо маселелери жөнүндө» токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу" токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 10-августундагы № 533 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 3-мартындагы № 105 «Жаныбарларды жана жаныбарлардан алынган азыктарды идентификациялоо маселелери жөнүндө» токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 533
- Кабыл алынган күнү: 10.08.2026
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 10.08.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230049724>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-57141/edition/57145/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230049724.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 10.08.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 10-августундагы № 533 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 3-мартындагы № 105 «Жаныбарларды жана жаныбарлардан алынган азыктарды идентификациялоо маселелери жөнүндө» токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу" токтому (10.08.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230049724

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ

2026-жылдын 10-августу № 533

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 3-мартындагы № 105 «Жаныбарларды жана жаныбарлардан алынган азыктарды идентификациялоо маселелери жөнүндө» токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу

Жаныбарларды идентификациялоонун улуттук системасын Евразия экономикалык бирлигинин актыларына ылайык келтирүү максатында, «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 3-мартындагы № 105 «Жаныбарларды жана жаныбарлардан алынган азыктарды идентификациялоо маселелери жөнүндө» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

жогоруда аталган токтом менен бекитилген Жаныбарларды идентификациялоонун эрежелеринде:

– 32-пункт төмөнкүдөй мазмундагы абзац менен толукталсын:

«Кыргыз Республикасынын аймагында жаныбарларды идентификациялоо жүргүзүүдө колдонулуучу жаныбарларды идентификациялоо каражаттарын классификациялоо Евразия экономикалык комиссиясынын Коллегиясынын 2019-жылдын 17-сентябрындагы № 157 чечимине ылайык жүзөгө ашырылат.».

2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

«Эркин-Тоо» мамлекеттик расмий гезитинин 2026-жылдын 11-августундагы № 60 (3820) саны менен жарыяланды

| Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы | | А.А. Касымалиев |
