Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 3-мартындагы № 105 «Жаныбарларды жана жаныбарлардан алынган азыктарды идентификациялоо маселелери жөнүндө» токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу» токтому
Бул документ боюнча сурооңуз барбы?Чат-боттун жообун документ менен салыштырыңыз
ЖИ мыйзамдын тексти боюнча жооп беретЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берет · акысыз
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2026-жылдын 10-августу № 533
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 3-мартындагы № 105 «Жаныбарларды жана жаныбарлардан алынган азыктарды идентификациялоо маселелери жөнүндө» токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу
Жаныбарларды идентификациялоонун улуттук системасын Евразия экономикалык бирлигинин актыларына ылайык келтирүү максатында, «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 3-мартындагы № 105 «Жаныбарларды жана жаныбарлардан алынган азыктарды идентификациялоо маселелери жөнүндө» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Жаныбарларды идентификациялоонун эрежелеринде:
– 32-пункт төмөнкүдөй мазмундагы абзац менен толукталсын:
«Кыргыз Республикасынын аймагында жаныбарларды идентификациялоо жүргүзүүдө колдонулуучу жаныбарларды идентификациялоо каражаттарын классификациялоо Евразия экономикалык комиссиясынын Коллегиясынын 2019-жылдын 17-сентябрындагы № 157 чечимине ылайык жүзөгө ашырылат.».
2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
«Эркин-Тоо» мамлекеттик расмий гезитинин 2026-жылдын 11-августундагы № 60 (3820) саны менен жарыяланды
| Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы | | А.А. Касымалиев |
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 1 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (1)
Шилтеме берет (2)
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндөКонституционный закон · 11.10.2021 · № 122
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 3-мартындагы № 105 "Жаныбарларды жана жаныбарлардан алынган азыктарды идентификациялоо маселелери жөнүндө" токтомуПостановление · 03.03.2025 · № 105