# Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 31-июлундагы № 517 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 22-ноябрындагы № 709 "Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 296, 297 жана 364-беренелеринин талаптарын ишке ашыруу боюнча чаралар жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 31-июлундагы № 517 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 22-ноябрындагы № 709 "Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 296, 297 жана 364-беренелеринин талаптарын ишке ашыруу боюнча чаралар жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 517
- Кабыл алынган күнү: 31.07.2026
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 31.07.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230049641>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-57106/edition/57065/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230049641.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 31.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 31-июлундагы № 517 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 22-ноябрындагы № 709 "Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 296, 297 жана 364-беренелеринин талаптарын ишке ашыруу боюнча чаралар жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" токтому (31.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230049641

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ

2026-жылдын 31-июлу № 517

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 22-ноябрындагы № 709 «Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 296, 297 жана 364-беренелеринин талаптарын ишке ашыруу боюнча чаралар жөнүндө» токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу

Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 296, 297 жана 364-беренелеринин талаптарын ишке ашыруу максатында, «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 22-ноябрындагы № 709 «Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 296, 297 жана 364-беренелеринин талаптарын ишке ашыруу боюнча чаралар жөнүндө» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

1) жогоруда көрсөтүлгөн токтом менен бекитилген Кошумча нарк салыгын жана сатуудан алынуучу салыкты төлөөдөн бошотулууга тийиш болгон, спортту өнүктүрүү үчүн багытталган товарлар бериле турган субъекттердин тизмегинде:

– төмөнкүдөй мазмундагы 76-пункт менен толукталсын:

« | 76 | Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигине караштуу «Кыргыз Маданият Сервис» мамлекеттик ишканасы | 02603201410017 |

2) жогоруда көрсөтүлгөн токтом менен бекитилген Кошумча нарк салыгын төлөөдөн бошотулууга тийиш болгон, спортту өнүктүрүү үчүн багытталган товарларды импорттоочу субъекттердин тизмегинде:

- төмөнкүдөй мазмундагы 76-пункт менен толукталсын:

« | 76 | Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигине караштуу «Кыргыз Маданият Сервис» мамлекеттик ишканасы | 02603201410017 |

».

2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып жети жумушчу күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

«Эркин-Тоо» мамлекеттик расмий гезитинин 2026-жылдын 4-августундагы № 58 (3818) саны менен жарыяланды.

| Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы | | А.А. Касымалиев |
