# Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 7-августундагы № 529 "Кыргыз Республикасынын Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районунун Садыр Аке айыл аймагында жайгашкан «Айыл чарба багытындагы жерлер» категориясындагы жер тилкелерин «кайрак айдоо» жерлеринин түрүнөн «жайыт» жерлеринин түрүнө которуу (трансформациялоо) жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 7-августундагы № 529 "Кыргыз Республикасынын Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районунун Садыр Аке айыл аймагында жайгашкан «Айыл чарба багытындагы жерлер» категориясындагы жер тилкелерин «кайрак айдоо» жерлеринин түрүнөн «жайыт» жерлеринин түрүнө которуу (трансформациялоо) жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 529
- Кабыл алынган күнү: 07.08.2026
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 07.08.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230049600>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-57055/edition/57024/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230049600.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 07.08.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 7-августундагы № 529 "Кыргыз Республикасынын Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районунун Садыр Аке айыл аймагында жайгашкан «Айыл чарба багытындагы жерлер» категориясындагы жер тилкелерин «кайрак айдоо» жерлеринин түрүнөн «жайыт» жерлеринин түрүнө которуу (трансформациялоо) жөнүндө" токтому (07.08.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230049600

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ

2026-жылдын 7-августу № 529

Кыргыз Республикасынын Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районунун Садыр Аке айыл аймагында жайгашкан «Айыл чарба багытындагы жерлер» категориясындагы жер тилкелерин «кайрак айдоо» жерлеринин түрүнөн «жайыт» жерлеринин түрүнө которуу (трансформациялоо) жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районунун Садыр Аке айыл аймагынын Кырчын участогунда жайгашкан айыл чарба багытындагы жерлерди натыйжалуу пайдалануу максатында, Кыргыз Республикасынын Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районунун мамлекеттик администрациясынын 2026-жылдын 1-июлундагы № 71 жана 2026-жылдын 17-июнундагы № 55 токтомдорун, Кыргыз Республикасынын Президентинин Кыргыз Республикасынын Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн 2026-жылдын 7-июлундагы № 01-14/4490 корутундусун көңүлгө алып, Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 18, 102-беренелерине, «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасынын Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районунун Садыр-Аке айыл аймагынын Кырчын участогундагы № 79 (3,11 га), № 111 (8,05 га), № 115 (7,19 га), № 117 (11,0 га), № 119 (6,71 га) жана № 124 (1,26 га) контурларында жайгашкан мамлекеттик менчикте турган жалпы аянты 37,32 га «Айыл чарба багытындагы жерлер» категориясындагы жер тилкелери «кайрак айдоо» жерлеринин түрүнөн «жайыт» жерлеринин түрүнө которулсун (трансформациялансын).

2. Кыргыз Республикасынын Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районунун мамлекеттик администрациясы төмөнкүлөрдү камсыз кылсын:

1) жерди эсепке алуу документтерине тиешелүү өзгөртүүлөрдү киргизүүнү;

2) бул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн жер тилкелерин максаттуу багыты боюнча пайдаланууну;

3) бул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн жер тилкелери пайдаланылбаган же максаттуу багыты боюнча пайдаланылбаган учурда аны баштапкы абалга келтирүүнү караган чараларды көрүүнү;

4) бул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн жер тилкелеринде тарыхый-маданий мурас объекттери табылган учурда Кыргыз Республикасынын тарыхый-маданий мурастарды коргоо жана пайдалануу жөнүндө мыйзамдарына ылайык аларды күтүүнү жана коргоону, казууларды жана курулуш иштерин жүргүзүүдө археологиялык көзөмөлдөө үчүн археолог адисти тартууну.

3. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.

4. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

“Эркин-Тоо” мамлекеттик расмий гезитинин 2026-жылдын 11-августундагы № 60 (3820) саны менен жарыяланды.

| Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы | | A.А. Касымалиев |
