Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин «Кыргыз Республикасынын Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районунун Садыр Аке айыл аймагында жайгашкан «Айыл чарба багытындагы жерлер» категориясындагы жер тилкелерин «кайрак айдоо» жерлеринин түрүнөн «жайыт» жерлеринин түрүнө которуу (трансформациялоо) жөнүндө» токтому
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2026-жылдын 7-августу № 529
Кыргыз Республикасынын Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районунун Садыр Аке айыл аймагында жайгашкан «Айыл чарба багытындагы жерлер» категориясындагы жер тилкелерин «кайрак айдоо» жерлеринин түрүнөн «жайыт» жерлеринин түрүнө которуу (трансформациялоо) жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районунун Садыр Аке айыл аймагынын Кырчын участогунда жайгашкан айыл чарба багытындагы жерлерди натыйжалуу пайдалануу максатында, Кыргыз Республикасынын Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районунун мамлекеттик администрациясынын 2026-жылдын 1-июлундагы № 71 жана 2026-жылдын 17-июнундагы № 55 токтомдорун, Кыргыз Республикасынын Президентинин Кыргыз Республикасынын Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн 2026-жылдын 7-июлундагы № 01-14/4490 корутундусун көңүлгө алып, Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 18, 102-беренелерине, «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районунун Садыр-Аке айыл аймагынын Кырчын участогундагы № 79 (3,11 га), № 111 (8,05 га), № 115 (7,19 га), № 117 (11,0 га), № 119 (6,71 га) жана № 124 (1,26 га) контурларында жайгашкан мамлекеттик менчикте турган жалпы аянты 37,32 га «Айыл чарба багытындагы жерлер» категориясындагы жер тилкелери «кайрак айдоо» жерлеринин түрүнөн «жайыт» жерлеринин түрүнө которулсун (трансформациялансын).
2. Кыргыз Республикасынын Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районунун мамлекеттик администрациясы төмөнкүлөрдү камсыз кылсын:
1) жерди эсепке алуу документтерине тиешелүү өзгөртүүлөрдү киргизүүнү;
2) бул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн жер тилкелерин максаттуу багыты боюнча пайдаланууну;
3) бул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн жер тилкелери пайдаланылбаган же максаттуу багыты боюнча пайдаланылбаган учурда аны баштапкы абалга келтирүүнү караган чараларды көрүүнү;
4) бул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн жер тилкелеринде тарыхый-маданий мурас объекттери табылган учурда Кыргыз Республикасынын тарыхый-маданий мурастарды коргоо жана пайдалануу жөнүндө мыйзамдарына ылайык аларды күтүүнү жана коргоону, казууларды жана курулуш иштерин жүргүзүүдө археологиялык көзөмөлдөө үчүн археолог адисти тартууну.
3. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
4. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
“Эркин-Тоо” мамлекеттик расмий гезитинин 2026-жылдын 11-августундагы № 60 (3820) саны менен жарыяланды.
| Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы | | A.А. Касымалиев |
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 0
Шилтеме берет (2)
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндөКонституционный закон · 11.10.2021 · № 122
- Кыргыз Республикасынын Жер кодексиКодекс · 18.07.2025 · № 149