Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Биологиялык тобокелдиктерге мониторинг жүргүзүү жана баалоо критерийлери (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин токтомуна)
| | | 1-тиркеме (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 7-августундагы № 527токтомуна) |
Биологиялык тобокелдиктерге мониторинг жүргүзүү жана баалоо критерийлери
1-глава. Жалпы жоболор
1. Ушул биологиялык тобокелдиктерге мониторинг жүргүзүү жана баалоо критерийлери (мындан ары – Критерийлер) биологиялык тобокелдиктерге мониторинг жүргүзүү критерийлерин, биологиялык тобокелдиктерди баалоо критерийлерин жана методдорун аныктайт жана коркунучтуу биологиялык факторлордун (инфекциялардын, токсиндердин, патогендердин ж.б.) пайда болуу, жайылуу же таасир этүү ыктымалдуулугу бар чөйрөлөрдө колдонулат.
2. Ушул Критерийлерде биологиялык коопсуздук жаатындагы төмөнкүдөй түшүнүктөр колдонулат, анын ичинде:
1) эки максаттуу изилдөө – натыйжалары тынчтык (пайдалуу), ошондой эле коомго зыян келтирүү максатында колдонулушу мүмкүн болгон илимий изилдөөлөр;
2) потенциалдуу коркунучтуу оорулар – бул белгилүү бир шарттарда биринчи жолу пайда болгон, жайылып кеткен же кайрадан активдешкен инфекциялар.
3. Ушул Критерийлердин колдонулушу патогендүү биологиялык агенттер менен иштеген уюмдарга жана иши биологиялык тобокелдик факторлору менен байланышкан башка уюмдарга жайылтылат.
2-глава. Биологиялык тобокелдиктерге мониторинг жүргүзүү критерийлери
4. Биологиялык тобокелдиктерге мониторинг жүргүзүү төмөнкүдөй критерийлердин негизинде жүзөгө ашырылат:
1) биологиялык тобокелдиктердин алдын алуу критерийлери:
- микробго каршы препараттарга резистенттүүлүк;
– зооноздук ооруларга эпизотологиялык көзөмөл жүргүзүү;
– биокоргоо;
– биокоопсуздук;
– кош максаттуу изилдөө жана изилдөө жүргүзүү принциби;
– иммунизациялоо;
2) биологиялык тобокелдиктердин эпидемиологиялык критерийлери:
− инфекциялык жана паразитардык оорулардын деңгээли; − потенциалдуу-табигый очоктордун жана инфекциялык оорулардын очокторунун болушу; − эпидемиологиялык абалдын динамикасы; − өлүмдүн көрсөткүчтөрү; − адамдын, жаныбарлардын жана өсүмдүктөрдүн жаңы жана потенциалдуу кооптуу ооруларын киргизүү жана аныктоо; − биологиялык калдыктарга карата талаптарды аткаруу;
3) биологиялык тобокелдиктердин лабораториялык критерийлери:
− патогендүү биологиялык агенттерди жана токсиндерди аныктоо жана эсепке алуу; − мутацияларды жана дары препараттарына туруктуулукту аныктоо; − авариялык кырдаалдарды эсепке алуу, каттоо жана алдын алуу;
4) биологиялык тобокелдиктердин санитардык-гигиеналык жана уюштуруу-техникалык критерийлери:
− биологиялык агенттер менен иштеген объекттерди долбоорлоодо, курууда жана эксплуатациялоодо санитардык ченемдерди жана эрежелерди сактоо; − айлана-чөйрөнүн булганышынын деңгээли; − мониторинг жана эскертүү системаларынын болушу; − биологиялык коркунучтарга жооп кайтаруу даярдыгы; − квалификациялуу кадрлар менен камсыз кылуу; − биокоопсуздук жана биокоргоо талаптарын сактоо;
5) биологиялык тобокелдиктердин социалдык-демографиялык критерийлери:
− калктын жыштыгы; − миграциялык процесстер; − иммунизациялоо деңгээли; − медициналык жардамдын жеткиликтүүлүгү.
3-глава. Биологиялык тобокелдиктерди
баалоо критерийлери
5. Биологиялык тобокелдиктерди баалоо төмөнкүдөй критерийлерди эске алуу менен жүргүзүлөт:
1) тобокелдиктин пайда болуу ыктымалдыгы:
− биологиялык агенттерди аныктоо жыштыгы; − инфекция булактарынын болушу; − биологиялык тобокелдиктердин жугуу жана жайылуу ыктымалдыгы;
2) таасир этүү масштабы:
− тобокелдикке кабылган калктын саны; − географиялык жайылышы;
– калктын аялуу топторунун болушу;
3) кесепеттердин оордугу:
− өлүмдүн жана кабылдоолордун деңгээли; − оорунун узактыгы жана оордугу; − саламаттык сактоо системасына болгон жүктөм;
4) тобокелдиктерди башкаруу:
− алдын алуу жана дарылоо каражаттарынын болушу; − диагностикалоо мүмкүнчүлүктөрү жана өз убагындалыгы; − жооп кайтаруу кызматтарынын даярдыгы;
5) биологиялык коопсуздук деңгээли:
− биокоопсуздук талаптарына шайкеш келүү; − инженердик-техникалык коргоо системаларынын болушу.
4-глава. Биологиялык тобокелдиктерди
баалоо методдору
6. Биологиялык тобокелдиктерди баалоо төмөнкүдөй методдорду колдонуу менен жүзөгө ашырылат:
1) сапаттык баалоо (өтө төмөн, төмөн, орто, жогорку, өтө жогорку тобокелдик);
2) сандык баалоо (балл жана индекс методдору);
3) сценарийдик талдоо, моделдөө жана болжолдоо;
4) эксперттик баалоо;
5) салыштырмалуу талдоо.
7. Биологиялык тобокелдиктерди баалоо пландуу жана пландан тышкаркы негизде жүргүзүлөт.
8. Пландуу баалоо биологиялык тобокелдиктердин өз убагында алдын алуу жана аларга даярдык көрүү максатында жүргүзүлөт.
9. Пландан тышкаркы баалоону жүргүзүү үчүн негиздер болуп төмөнкүлөр саналат:
1) инфекциялык оорулардын чыгышынын пайда болушу;
2) жаңы биологиялык коркунучтарды аныктоо;
3) биологиялык коопсуздук коркунучунун же аны менен байланышкан өзгөчө кырдаалдардын келип чыгышы.
10. Биологиялык тобокелдиктерди баалоонун натыйжалары боюнча төмөнкүлөрдү камтыган корутунду түзүлөт:
1) аныкталган тобокелдиктердин сыпаттамасы;
2) тобокелдиктин деңгээли;
3) кырдаалдын өнүгүшүн болжолдоо;
4) тобокелдиктерди төмөндөтүү жана башкаруу боюнча сунуштамалар.
11. Биологиялык тобокелдиктерди баалоону уюштуруу жана жүргүзүү тартиби биологиялык коопсуздукту камсыз кылуу жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар тарабынан аныкталат.
12. Биологиялык тобокелдиктин ар бир критерийи беш баллдык шкала боюнча бааланат:
1) 1 балл – өтө төмөн тобокелдик;
2) 2 балл – төмөн тобокелдик;
3) 3 балл – орточо тобокелдик;
4) 4 балл – жогорку тобокелдик;
5) 5 балл – өтө жогорку тобокелдик.
13. Биологиялык тобокелдиктерге мониторинг жүргүзүү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар жана уюмдар тарабынан туруктуу негизде жүргүзүлөт.
Биологиялык тобокелдиктерге мониторинг жүргүзүү төмөнкүлөрдү камтыйт:
- эпидемиологиялык көзөмөлдөө;
- лабораториялык контролдоо;
- санитардык-гигиеналык контролдоо;
- ветеринардык контролдоо;
- экологиялык контролдоо;
- биологиялык коопсуздук коркунучтарын талдоо.
14. Биологиялык тобокелдиктерге мониторинг жүргүзүүнүн маалымат булактары болуп төмөнкүлөр саналат:
1) эпидемиологиялык көзөмөлдөө системалары;
2) лабораториялык маалыматтык системалар;
3) Кыргыз Республикасынын өзгөчө кырдаалдар кызматтары;
4) ветеринардык жана фитосанитардык кызматтар;
5) экологиялык кызматтар;
6) илимий уюмдар;
7) эл аралык кабарлоо системалары.
5-глава. Биологиялык тобокелдиктерге
баалоо жүргүзүүгө ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар жана уюмдар
15. Биологиялык тобокелдиктерди баалоону мамлекеттик органдар аларга жүктөлгөн ыйгарым укуктарга жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети бекиткен Биологиялык тобокелдиктерге баалоо жүргүзүүгө ыйгарым укуктуу уюмдардын тизмегине ылайык жүзөгө ашырат.
16. Биологиялык тобокелдиктерге баалоо жүргүзүүгө ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар жана уюмдар төмөнкүлөрдү камсыз кылат:
1) биологиялык тобокелдиктер жөнүндө маалымат алмашууну;
2) мониторинг жүргүзүүдө жана баалоодо өз ара аракеттенүүнү;
3) биологиялык коркунучтардын алдын алуу жана аларды жоюу боюнча чараларды өз убагында көрүүнү.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.