# Майлуу-Суу шаарынын 2025-жылдын 30-сентябрындагы №5-10-2 "Майлуу-Суу шаарынын экономикалык пландоо зоналарына байланыштуу Кз зоналык коэффициентин тактоо, жана Майлуу-Суу шаарынын аймагында мүлк жана жер салыгын киргизүү жөнүндө"

- Толук аталышы: Майлуу-Суу шаарынын 2025-жылдын 30-сентябрындагы №5-10-2 "Майлуу-Суу шаарынын экономикалык пландоо зоналарына байланыштуу Кз зоналык коэффициентин тактоо, жана Майлуу-Суу шаарынын аймагында мүлк жана жер салыгын киргизүү жөнүндө"
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 5-10-2
- Кабыл алынган күнү: 30.09.2025
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 30.09.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230049566>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-57021/edition/56988/ru>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 30.09.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Майлуу-Суу шаарынын 2025-жылдын 30-сентябрындагы №5-10-2 "Майлуу-Суу шаарынын экономикалык пландоо зоналарына байланыштуу Кз зоналык коэффициентин тактоо, жана Майлуу-Суу шаарынын аймагында мүлк жана жер салыгын киргизүү жөнүндө" (30.09.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230049566

---

МАЙЛУУ-СУУ ШААРДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ

Майлуу-суу шаардык кеңешинин X чакырылышынын кезектеги V- сессиясы

2025-жылдын 30-сентябрындагы №5-10-2

Майлуу-Суу шаарынын экономикалык пландоо зоналарына байланыштуу Кз зоналык коэффициентин тактоо, жана Майлуу-Суу шаарынын аймагында мүлк жана жер салыгын киргизүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Салык Кодексинин 398 беренесинин 3,4-пунктарын жана 404-беренесинин 4-пунктун жетекчиликке алып, Майлуу-Суу шаарынын экономикалык пландоо зоналарына байланыштуу Кз зоналык коэффициентин тактоо жөнүндө маалыматты жана Майлуу-Суу шаарынын аймагында мүлк жана жер салыгын киргизүү жөнүндө шаардык кеңештин бюджет, каражат жана инвестицияларды тартуу боюнча комиссиясынын маалыматын угуп, талкуулап чыгып депутаттардын сунуштарын эске алып Майлуу-Суу шаардык Кеңештин Ⅹ- чакырылышынын кезектеги Ⅴ- сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Майлуу-Суу шаардык кеңешинин 2022-жылдын 16-декабрындагы № 14-9-6 токтому күчүн жоготту деп табылсын.

2. Майлуу-Суу шаарынын экономикалык пландоо зоналарына байланыштуу Кз зоналык коэффициентин тактоо жөнүндө Кыргыз Республикасынын финансы министрлигине караштуу мамлекеттик салык кызматынын маалыматы жана депутаттардын сунуштары эске алынсын.

3. Майлуу-Суу шаарынын “Экономикалык пландоо зонасына байланыштуу Кз зоналык коэффициент Майлуу-Суу шаары боюнча -1,5 өлчөмдө бекитилсин.

4. "Кыргыз Республикасынын Салык Кодексин колдонууга киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 3-беренесин аткаруу максатында, 2026-жылдын 1-январынан тартып Майлуу-Суу шаарынын аймагына калктуу конуштардын жерлерине жана айыл чарба багытындагы эмес жерлерге мүлк салыгы киргизилсин.

5. Кыргыз Республикасынын финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик салык кызматынын Майлуу-Суу шаары боюнча башкармалыгынын башчысына 2026-жылдын 1-январынан тартып салык жыйноодо ушул токтомду колдоого алып , иш алып баруу жагы милдеттендирилсин.

6. Ушул токтомдун аткарылышы Майлуу-Суу шаарынын мэриясына жана Кыргыз Республикасынын финансы министрлигине караштуу мамлекеттик салык кызматынын Майлуу-Суу шаары боюнча башкармалыгына тапшырылсын.

7. Ушул токтом катталсын жана Кыргыз Республикасынын укуктук ченемдик актыларынын Мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын юстиция министрлигине жөнөтүлсүн.

8. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо шаардык кеңештин бюджет, каражат жана инвестицияларды тартуу боюнча туруктуу комиссияга тапшырылсын.

| Шаардык Кеңештин төрагасы | Д. Атамырзаев |
