# 99-берене. Жүктү тескөө укугу

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Соода үчүн деңизде сүзүү жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/230049561)
- Документтеги орду: 13-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2026-жылдын 4-августундагы № 142 "Кыргыз Республикасынын Соода үчүн деңизде сүзүү жөнүндө" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 142
- Кабыл алынган күнү: 04.08.2026
- Статусу: Күчүнө кире элек
- Редакциянын күнү: 04.08.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230049561/st-99>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-49/edition/56987/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230049561/st-99.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 04.08.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Соода үчүн деңизде сүзүү жөнүндө, 99-берене (04.08.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230049561/st-99

---

1. Жөнөтүүчү жүктү ал алуучуга берилгенге же мындай укук алуучуга же үчүнчү жакка өткөрүп берилгенге чейин мындай өткөрүп берүү жөнүндө ташуучуга билдирүү менен тескөөгө укуктуу.

2. Коносаменттин бардык нускалары көрсөтүлгөн же жүктү деңиз аркылуу ташуу жөнүндө келишимден баш тартуу жөнүндө ушул Кодекстин жоболору тийиштүү камсыз кылынган жана сакталган шартта жөнөтүүчү жүктүн аны жөнөтүү жеринде кеме кеткенге чейин кайтарып берилишин, жүктүн аралык портто берилишин же жүктүн коносаментте көрсөтүлгөн жактан башка жакка берилишин талап кылууга укуктуу. Ушундай эле укук жүктү жөнөтүүчүгө берилген коносаменттин бардык көчүрмөлөрүнүн мыйзамдуу ээсине да таандык.

---

Мурунку берене: [98-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230049561/st-98)  
Кийинки берене: [100-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230049561/st-100)
