# 95-берене. Жүктү кабыл алууну тастыктоочу документтер

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Соода үчүн деңизде сүзүү жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/230049561)
- Документтеги орду: 13-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2026-жылдын 4-августундагы № 142 "Кыргыз Республикасынын Соода үчүн деңизде сүзүү жөнүндө" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 142
- Кабыл алынган күнү: 04.08.2026
- Статусу: Күчүнө кире элек
- Редакциянын күнү: 04.08.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230049561/st-95>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-49/edition/56987/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230049561/st-95.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 04.08.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Соода үчүн деңизде сүзүү жөнүндө, 95-берене (04.08.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230049561/st-95

---

1. Жүктү ташууга кабыл алгандан кийин жөнөтүүчүнүн талабы боюнча ташуучу ага коносамент берет, ал жүктү кабыл алууну тастыктоочу документ болуп саналат.

2. Коносамент жөнөтүүчү кол койгон документтин негизинде түзүлөт, анда ушул Кодекстин 96-беренесинин 1-бөлүгүнүн 4-8-пункттарында көрсөтүлгөн дайындар камтылууга тийиш.

3. Жөнөтүүчү ушул берененин 2-бөлүгүндө көрсөтүлгөн документте анык эмес же толук эмес маалыматтарды берүүнүн натыйжасында келип чыгышы мүмкүн болгон бардык кесепеттер үчүн ташуучунун алдында жооп берет.

4. Жөнөтүүчү ташуучудан коносаменттин ордуна деңиз коштомо кагазын же ташуу үчүн жүктү алгандыгын тастыктоочу башка документти берүүнү талап кылууга укуктуу.

---

Мурунку берене: [94-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230049561/st-94)  
Кийинки берене: [96-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230049561/st-96)
