# 91-берене. Жүктү деңиз аркылуу ташуу жөнүндө келишим түшүнүгү жана түрлөрү

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Соода үчүн деңизде сүзүү жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/230049561)
- Документтеги орду: 13-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2026-жылдын 4-августундагы № 142 "Кыргыз Республикасынын Соода үчүн деңизде сүзүү жөнүндө" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 142
- Кабыл алынган күнү: 04.08.2026
- Статусу: Күчүнө кире элек
- Редакциянын күнү: 04.08.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230049561/st-91>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-49/edition/56987/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230049561/st-91.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 04.08.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Соода үчүн деңизде сүзүү жөнүндө, 91-берене (04.08.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230049561/st-91

---

1. Жүктү деңиз аркылуу ташуу жөнүндө келишимге ылайык ташуучу каттам башталганга чейин жана анын башында кемени деңизде сүзүүгө жарактуу абалга келтирүү үчүн тийиштүү кам көрүүгө, жөнөтүүчү берген же бере турган жүктү бара турган портко жеткирүүгө жана аны жүктү алууга ыйгарым укуктуу болгон жакка (алуучуга) өткөрүп берүүгө милдеттенет, ал эми жөнөтүүчү же фрахттоочу жүктү ташуу үчүн шартталган акыны (фрахтты) төлөөгө милдеттенет.

2. Жүктү деңиз аркылуу ташуу жөнүндө келишим төмөнкүдөй түзүлүшү мүмкүн:

1) ташуу үчүн кемени бүтүндөй, анын бир бөлүгүн же кеменин белгилүү бир жайларын (чартер) берүү шарты менен;

2) кемени же анын бөлүгүн берүүсүз (коносаменттин же башка ташуу документинин негизинде ташуу).

3. Фрахттоочу болуп ташуучу менен кемени фрахттоо келишимин (чартер) түзгөн жак саналат.

4. Жөнөтүүчү болуп ушул берененин 2-бөлүгүнүн 2-пунктунда аталган жүктү деңиз аркылуу ташуу жөнүндө келишимди түзгөн жак, ошондой эле жүктү ташуучуга өз атынан тапшырган кандай болбосун башка жак саналат.

---

Мурунку берене: [90-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230049561/st-90)  
Кийинки берене: [92-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230049561/st-92)
