# 90-берене. Эл аралык деңиз аркылуу ташуулар

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Соода үчүн деңизде сүзүү жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/230049561)
- Документтеги орду: 12-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2026-жылдын 4-августундагы № 142 "Кыргыз Республикасынын Соода үчүн деңизде сүзүү жөнүндө" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 142
- Кабыл алынган күнү: 04.08.2026
- Статусу: Күчүнө кире элек
- Редакциянын күнү: 04.08.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230049561/st-90>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-49/edition/56987/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230049561/st-90.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 04.08.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Соода үчүн деңизде сүзүү жөнүндө, 90-берене (04.08.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230049561/st-90

---

1. Кыргыз Республикасынын кызыкчылыгында башка мамлекеттердин деңиз портторунун ортосунда жүктөрдү эл аралык деңиз аркылуу ташуулар Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик туусу астындагы кемелер тарабынан да, чет өлкөлүк кемелер тарабынан да жүзөгө ашырылышы мүмкүн.

2. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик туусу астындагы кемелер эл аралык укуктун ченемдерин жана кирүүчү деңиз портторунун эрежелерин сактоо менен чет мамлекеттердин портторунун ортосунда ташууларды (кросс-трейд) жүргүзүүгө укуктуу.

3. Эгерде конкреттүү юрисдикцияларда катталган деңиз линияларынын милдеттүү эрежелеринде башкача каралбаса, ташуунун шарттары, анын ичинде наркы (фрахт) жана мөөнөттөрү тараптардын макулдашуусу менен аныкталат.

---

Мурунку берене: [89-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230049561/st-89)  
Кийинки берене: [91-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230049561/st-91)
