# 88-берене. Жүктөрдү деңиз аркылуу ташууну уюштуруу

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Соода үчүн деңизде сүзүү жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/230049561)
- Документтеги орду: 12-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2026-жылдын 4-августундагы № 142 "Кыргыз Республикасынын Соода үчүн деңизде сүзүү жөнүндө" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 142
- Кабыл алынган күнү: 04.08.2026
- Статусу: Күчүнө кире элек
- Редакциянын күнү: 04.08.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230049561/st-88>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-49/edition/56987/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230049561/st-88.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 04.08.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Соода үчүн деңизде сүзүү жөнүндө, 88-берене (04.08.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230049561/st-88

---

1. Деңиз аркылуу ташуулардын укуктук режими ушул Кодекс жана Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган, мыйзамдарда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдер менен белгиленет. Деңиз аркылуу ташуулар чөйрөсүндөгү мамилелер соода үчүн деңизде сүзүү эркиндиги, кемечиликтин коопсуздугу жана деңиз чөйрөсүн коргоо принциптерине негизденет.

2. Жүктөрдү жана жүргүнчүлөрдү ташуу кемелер тарабынан ушул Кодекске жана Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган, мыйзамдарда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерге ылайык ташуу келишимдеринин негизинде Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик туусу астында жүзөгө ашырылат.

3. Кеме ээлери, эгерде бул коопсуздук талаптарына жана кеменин классынын шарттарына карама-каршы келбесе, сүзүү райондорун, жүктөрдүн түрлөрүн жана ташууларды уюштуруунун түрлөрүн (линиялык же трамптык) тандоодо эркин.

4. Атаандаштыкка жөндөмдүүлүктү жогорулатуу максатында Кеме реестринде катталган кеме ээлери үчүн Министрлер Кабинетинин чечими менен жеңилдиктер жана артыкчылыктар белгилениши мүмкүн.

5. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык күчүнө кирген эл аралык келишимдерде ташуунун ушул Кодексте каралгандан башка эрежелери белгиленген учурда эл аралык келишимдердин эрежелери колдонулат.

---

Мурунку берене: [87-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230049561/st-87)  
Кийинки берене: [89-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230049561/st-89)
