# 84-берене. Деңиз агенттөөсү

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Соода үчүн деңизде сүзүү жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/230049561)
- Документтеги орду: 10-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2026-жылдын 4-августундагы № 142 "Кыргыз Республикасынын Соода үчүн деңизде сүзүү жөнүндө" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 142
- Кабыл алынган күнү: 04.08.2026
- Статусу: Күчүнө кире элек
- Редакциянын күнү: 04.08.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230049561/st-84>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-49/edition/56987/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230049561/st-84.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 04.08.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Соода үчүн деңизде сүзүү жөнүндө, 84-берене (04.08.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230049561/st-84

---

1. Деңиз агенттөө келишими боюнча деңиз агенти сый акыга кеме ээсинин же башка ишеним берүүчүнүн атынан жана эсебинен портто же анын аймагынан тышкары юридикалык жана башка аракеттерди жасоого милдеттенет.

2. Деңиз агенти, эгерде келишимдин эки тарабы (кеме ээси жана фрахттоочу/жүк ээси) ага ыйгарым укук беришсе, алардын пайдасына иштей алат.

3. Кемелери Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик туусу астында сүзүп жүргөн кеме ээлери эл аралык практикага жана ушул Кодекске ылайык дүйнөнүн кандай болбосун портторунда деңиз агенттеринин кызматтарын пайдаланууга укуктуу.

---

Мурунку берене: [83-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230049561/st-83)  
Кийинки берене: [85-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230049561/st-85)
