# 83-берене. Кемелердин кыймылын жөнгө салуу кызматтары

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Соода үчүн деңизде сүзүү жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/230049561)
- Документтеги орду: 9-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2026-жылдын 4-августундагы № 142 "Кыргыз Республикасынын Соода үчүн деңизде сүзүү жөнүндө" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 142
- Кабыл алынган күнү: 04.08.2026
- Статусу: Күчүнө кире элек
- Редакциянын күнү: 04.08.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230049561/st-83>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-49/edition/56987/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230049561/st-83.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 04.08.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Соода үчүн деңизде сүзүү жөнүндө, 83-берене (04.08.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230049561/st-83

---

1. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик туусу астындагы кемелер кемелердин кыймылын жөнгө салуу кызматтарынын жээктеги чөлкөмдөрүндө сүзүп жүргөндө алардын эрежелерин, ошондой эле кемелердин кыймылын бөлүү тутумдарынын эрежелерин сактоого жана операторлордун сууда сүзүүнүн коопсуздугу боюнча командаларын аткарууга милдеттүү.

2. Кеме капитаны жээк чөлкөмдөрүндө кемелердин кыймылын жөнгө салуу кызматынын буйруктарын аткаруусуна карабастан, кемени башкаруу үчүн толук жоопкерчилик тартат.

3. Кеме ээси жана кеме капитаны пландаштырылган сүзүү районундагы лоцмандык коштоо жана радиолокациялык тейлөө чөлкөмдөрү жөнүндө актуалдуу навигациялык маалымат менен кемени өз алдынча камсыз кылууга милдеттүү.

---

Мурунку берене: [82-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230049561/st-82)  
Кийинки берене: [84-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230049561/st-84)
