# 81-берене. Лоцмандык коштоо жана кемелердин кыймылын жөнгө салуу

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Соода үчүн деңизде сүзүү жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/230049561)
- Документтеги орду: 9-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2026-жылдын 4-августундагы № 142 "Кыргыз Республикасынын Соода үчүн деңизде сүзүү жөнүндө" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 142
- Кабыл алынган күнү: 04.08.2026
- Статусу: Күчүнө кире элек
- Редакциянын күнү: 04.08.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230049561/st-81>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-49/edition/56987/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230049561/st-81.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 04.08.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Соода үчүн деңизде сүзүү жөнүндө, 81-берене (04.08.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230049561/st-81

---

1. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик туусу астындагы кемелер милдеттүү лоцмандык коштоо райондорунда, деңиз портторуна кирүү жерлеринде жана алардын акваторияларында, ошондой эле эл аралык кысыктарда жана каналдарда сүзүүдө жээктеги мамлекеттин мыйзамдарына жана Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган, мыйзамдарда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерге ылайык лоцмандардын кызмат көрсөтүүлөрүн пайдаланууга милдеттүү.

2. Лоцмандык коштоо милдеттүү болбогон райондордо, эгерде кеме капитаны кеменин коопсуздугун камсыз кылуу үчүн зарыл деп эсептесе, лоцманды бортко алууга укуктуу.

3. Кеменин бортунда лоцмандын болушу капитанды кемени башкаруу жоопкерчилигинен бошотпойт.

4. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик туусу астындагы кемелер кыймылды бөлүштүрүү жана кеменин кыймылын жөнгө салуу тутумунун эрежелерин сактоого милдеттүү.

---

Мурунку берене: [80-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230049561/st-80)  
Кийинки берене: [82-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230049561/st-82)
