# 8-берене. Деңиздеги аварияларды же инциденттерди иликтөө

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Соода үчүн деңизде сүзүү жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/230049561)
- Документтеги орду: 1-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2026-жылдын 4-августундагы № 142 "Кыргыз Республикасынын Соода үчүн деңизде сүзүү жөнүндө" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 142
- Кабыл алынган күнү: 04.08.2026
- Статусу: Күчүнө кире элек
- Редакциянын күнү: 04.08.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230049561/st-8>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-49/edition/56987/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230049561/st-8.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 04.08.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Соода үчүн деңизде сүзүү жөнүндө, 8-берене (04.08.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230049561/st-8

---

1. Деңизде Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик туусу астындагы кемелер кабылган аварияларды же инциденттерди иликтөө Кыргыз Республикасынын деңиз администрациясынын бөлүмдөрү тарабынан жүргүзүлөт.

2. Министрлер Кабинетинин өзүнчө чечими менен аварияларды жана инциденттерди иликтөө боюнча ыйгарым укуктар тышкы иштер жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын бөлүмдөрүнө берилиши мүмкүн. Мында иликтөө таанылган классификациялык коомдордун жана жетиштүү тажрыйбага ээ болгон жана экономика жана коммерция жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен келишимдик милдеттенмелер менен бекитилген, деңизде сүзүү боюнча улуттук эксперттердин милдеттүү техникалык коштоосунда жүргүзүлөт.

3. Деңиздеги аварияларды жана инциденттерди иликтөөнүн тартиби жөнүндө жобо Министрлер Кабинети тарабынан бекитилет.

---

Мурунку берене: [7-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230049561/st-7)  
Кийинки берене: [9-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230049561/st-9)
