# 79-берене. Кыргыз Республикасынын чет өлкөдөгү деңиз терминалынын (портунун) капитаны

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Соода үчүн деңизде сүзүү жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/230049561)
- Документтеги орду: 8-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2026-жылдын 4-августундагы № 142 "Кыргыз Республикасынын Соода үчүн деңизде сүзүү жөнүндө" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 142
- Кабыл алынган күнү: 04.08.2026
- Статусу: Күчүнө кире элек
- Редакциянын күнү: 04.08.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230049561/st-79>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-49/edition/56987/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230049561/st-79.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 04.08.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Соода үчүн деңизде сүзүү жөнүндө, 79-берене (04.08.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230049561/st-79

---

1. Чет мамлекеттердин аймагындагы Кыргыз Республикасынын менчигинде же пайдалануусунда турган деңиз терминалдарында (портторунда) мамлекеттин функцияларын камсыз кылуу үчүн Кыргыз Республикасынын деңиз администрациясы деңиз терминалынын (портунун) капитанын дайындайт.

2. Деңиз терминалынын (портунун) капитаны ушул Кодекстин, ошондой эле Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган, мыйзамдарда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдердин негизинде иштейт. Деңиз терминалынын (портунун) капитанынын иши жөнүндө жобо экономика жана коммерция жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан бекитилет.

3. Деңиз терминалынын (портунун) капитанынын негизги функцияларына жана ыйгарым укуктарына төмөнкүлөр кирет:

1) Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик туусу астындагы кемелердин деңизде сүзүү коопсуздугунун талаптарын жана экологиялык ченемдерди сактоосун контролдоо жана көзөмөлдөө;

2) белгиленген ыйгарым укуктардын чегинде кеме документтерин текшерүү жана кемелердин терминалга келүүсүн жана алардын кетүүсүн тариздөө;

3) кемелердин швартталышы, навигациясы жана коопсуздугу маселелери боюнча чет өлкөлүк деңиз портунун администрациясы менен өз аракеттенүү;

4) Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик туусу астындагы кемелердин капитандарынын кызыкчылыктарын коргоо, жүргөн деңиз портунун бийликтери менен административдик жана укуктук маселелерди чечүүгө көмөк көрсөтүү;

5) терминалдын (порттун) аймагында же Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик туусу астындагы кемелер менен болгон авариялык окуяларды иликтөөлөрдү уюштуруу жана жүргүзүү.

4. Деңиз терминалынын капитанынын коопсуздук жана ушул Кодекстин ченемдерин сактоо маселелери боюнча тескемелери терминалдын жоопкерчилик чөлкөмүндө турган Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик туусу астындагы бардык кемелер үчүн милдеттүү болуп саналат.

5. Эгерде Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган, мыйзамдарда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерде башкача каралбаса, деңиз терминалынын капитаны жээктеги мамлекеттин акваториясындагы навигациялык коопсуздук маселелеринде чет өлкөлүк порттун капитанын алмаштырбайт. Терминалдын капитанынын функциялары туу таандык болгон мамлекеттин стандарттарын сактоо бөлүгүндө ишке ашырылат жана жээктеги мамлекеттин эгемендүүлүгүн бузбайт.

---

Мурунку берене: [78-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230049561/st-78)  
Кийинки берене: [80-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230049561/st-80)
