# 77-берене. Мамлекеттин менчигинде турган кеменин капитанынын укуктары

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Соода үчүн деңизде сүзүү жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/230049561)
- Документтеги орду: 7-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2026-жылдын 4-августундагы № 142 "Кыргыз Республикасынын Соода үчүн деңизде сүзүү жөнүндө" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 142
- Кабыл алынган күнү: 04.08.2026
- Статусу: Күчүнө кире элек
- Редакциянын күнү: 04.08.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230049561/st-77>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-49/edition/56987/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230049561/st-77.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 04.08.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Соода үчүн деңизде сүзүү жөнүндө, 77-берене (04.08.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230049561/st-77

---

1. Мамлекеттик менчикте турган жана коммерциялык эмес максаттарда пайдаланылган кеменин капитаны кеме анын туусу астында деңизде сүзүүнү жүзөгө ашырган мамлекеттин толук иммунитетине ээ болот.

2. Мамлекеттик менчикте турган жана коммерциялык эмес максаттарда пайдаланылган кеменин капитаны Кыргыз Республикасынын жарандык, эмгек, административдик жана кылмыш-жаза мыйзамдарынын, мамлекеттик чек ара жөнүндө мыйзамдардын, ошондой эле Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган, мыйзамдарда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдердин ченемдерин ушул Кодекстин 3-беренесине ылайык колдонууга укуктуу.

---

Мурунку берене: [76-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230049561/st-76)  
Кийинки берене: [78-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230049561/st-78)
