# 72-берене. Кеменин бортунда кылмыш жасалган учурда капитандын ыйгарым укуктары

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Соода үчүн деңизде сүзүү жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/230049561)
- Документтеги орду: 7-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2026-жылдын 4-августундагы № 142 "Кыргыз Республикасынын Соода үчүн деңизде сүзүү жөнүндө" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 142
- Кабыл алынган күнү: 04.08.2026
- Статусу: Күчүнө кире элек
- Редакциянын күнү: 04.08.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230049561/st-72>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-49/edition/56987/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230049561/st-72.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 04.08.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Соода үчүн деңизде сүзүү жөнүндө, 72-берене (04.08.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230049561/st-72

---

1. Сүзүп бараткан кемеде кылмыштын белгилерин камтыган жосун жасалган учурда капитан эл аралык укуктун ченемдерин, кемечиликтин эл аралык деңиз практикасын, ушул Кодексти, Кыргыз Республикасынын кылмыш-жаза процессуалдык мыйзамдарын жана тиешелүү нускамаларды жетекчиликке алуу менен алдын ала тергөөчүнүн аракеттерин аткарат.

2. Капитан кылмыш түрүндө жазалануучу жосунду жасоого шектелип жаткан адамды жакынкы кирүү портундагы компетенттүү органдарга өткөрүп бергенге чейин кармоого же аны Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик туусу астындагы башка кемеде Кыргыз Республикасына жиберүүгө укуктуу.

3. Кеме чет өлкөлүк портто болгон учурда анда кылмыш жасалган учурда капитан Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган, мыйзамдарда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерге жана жүргөн өлкөнүн мыйзамдарына ылайык аракеттенүүгө милдеттүү.

---

Мурунку берене: [71-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230049561/st-71)  
Кийинки берене: [73-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230049561/st-73)
