# 69-берене. Кеменин кыйроо коркунучу болгон учурда капитандын аракеттери

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Соода үчүн деңизде сүзүү жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/230049561)
- Документтеги орду: 7-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2026-жылдын 4-августундагы № 142 "Кыргыз Республикасынын Соода үчүн деңизде сүзүү жөнүндө" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 142
- Кабыл алынган күнү: 04.08.2026
- Статусу: Күчүнө кире элек
- Редакциянын күнү: 04.08.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230049561/st-69>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-49/edition/56987/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230049561/st-69.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 04.08.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Соода үчүн деңизде сүзүү жөнүндө, 69-берене (04.08.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230049561/st-69

---

1. Эгерде капитандын пикири боюнча кемеге сөзсүз кыйроо коркунучу жаралса, жүргүнчүлөрдү сактап калууга багытталган бардык чаралар көрүлгөндөн кийин ал экипажга кемени таштап кетүүгө уруксат берет. Капитан кеме жана машина журналдарын, радио байланыш журналын, рейстин карталарын, документтерди, башка материалдык баалуулуктарды жана кассадагы накталай акчаларды куткаруу үчүн анын колунан келгендин баарын жасоо менен кемени акыркы болуп таштап кетет.

2. Кеме кыйраган учурда капитан ал жеткирилген жерге карабастан, экипажга карата ыйгарым укуктарын, укуктарын жана милдеттерин сактап калат.

---

Мурунку берене: [68-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230049561/st-68)  
Кийинки берене: [70-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230049561/st-70)
